Пример HTML-страницы

Beeline IT-адистер үчүн жумушка орношуу жана көндүмдөрдү жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн берет

Акыркы жанылыктар

TurmushAutumn Camp — бул мыкты долбоорлор менен иштөө жана Beeline’дын кесипкөй адамдары менен иш тажрыйбасын топтоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

Бир ай бою, 7-сентябрдан 7-октябрга чейин Beeline Кыргызстан Autumn Camp’ке катышууну жана кийин жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү менен уникалдуу стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн алууну каалоочулардан арыздарды чогулткан.

Долбоордун алкагында катышуучуларга төмөнкү 12 багыттын бирин тандап алуу сунушталган:

• Программалык камсыздоону иштеп чыгуу

• IT-инфраструктура

• DBSS

• Тармакты өнүктүрүү

• Диджитал

• Маркетинг

• HR

• Финансы

• Big Data

• Data Engineer

• Мобилдик финансылык кызматтар

• Киберкоопсуздук

Жалпысынан Autumn Camp’ке Кыргызстандагы алдыңкы уюлдук компанияда карьера курууну кыялданган талаптануучулардан катышууга 300 арыз түшкөн. Алдын ала тандоонун жыйынтыгы боюнча, катышууга 130 адам чакырылып, алар аймактардан келген эксперт-кызматкерлер менен speed-интервьюдан өтүшү керек болчу.

«Autumn Camp’те биз эл аралык компанияда карьераны кантип куруу керектиги жөнүндө айтып бердик. Жыйынтыгында стажировкага көндүмдөрү жана билимдери команда тарабынан бааланган эң амбициялуу 15 адам чакырылган. Жакында алар квалификациясын жогорулата башташат жана келечекте алар биздин ири компаниянын бир бөлүгү болуп калышы мүмкүн», — дейт Персонал менен иштөө жана уюштуруучулук өнүктүрүү боюнча кызматынын башчысы Алтынай Кудабаева.

Beeline Кыргызстандагы эң ири иш берүүчүлөрдүн бири болуп саналат. Компания кызматкерлерге карьералык жактан өсүү мүмкүнчүлүгүн берет жана кызматкерлердин өнүгүүсүнө жана кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзөт, жарандарды татыктуу эмгек акы жана толук социалдык топтом менен камсыз кылат.

Мындан тышкары, Beeline Кыргызстан компаниянын кызматкерлери жана IT жаатындагы тышкы адистери үчүн Beeline Procode Day ачык практикалык интенсивин уюштурду. Ага катышуу үчүн 200дөн ашык арыз түшкөн.

Beeline Кыргызстан ар дайым коомдун өнүгүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга умтулат. Бул миссиясын сактоо менен компания Beeline Procode Day иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чарада эл аралык жана жергиликтүү компаниялардын долбоорлорду башкаруу жана стартаптар боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы бар спикерлер чыгып сүйлөштү. Алар катышуучулар менен IT жаатындагы кызыктуу кейстер менен бөлүшүштү.

Спикерлер менен болгон жолугушууларда 5G технологиясынын мүмкүнчүлүктөрүнө сереп салуу жана кардар үчүн кошумча баалуулуктарды түзүү, геймификация жана IT технологияларын колдонуу менен бизнес көйгөйлөрүн чечүү, бизнесте компьютердик көрүү жана башкалар сыяктуу актуалдуу темалар көтөрүлдү.

Ошентип, катышуучулар спикерлер менен жолугушууга жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле келечекте кайсы стектердин актуалдуу болоорун, кайсы программалоо тилдери бизнес көйгөйлөрүн чечүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берерин талкуулоого уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты. Beeline Кыргызстандын senior-иштеп чыгуучуларынын жетекчилиги астында Procode Day-дин катышуучулары ар кандай программалоо тилдеринин өзгөчөлүктөрүн жана лайфхактарын талдап, реалдуу практикалык учурларды талкуулашты.

«Биз экспертизаны жогорулатуу, IT-коомчулугунун потенциалын ачуу, байланыштарды чыңдоо жана Кыргызстандагы IT-коомчулугун бириктирүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түздүк, ошондой эле өлкөдө санариптештирүүнү жана digital-кызматтарды өнүктүрүүгө колдоо көрсөттүк», — дейт Персонал менен иштөө жана уюштуруучулук өнүктүрүү боюнча кызматынын башчысы Алтынай Кудабаева.

«Биз мындай иш-чаралардын аркасында IT жаатындагы адистердин өзүн-өзү өнүктүрүү жана карьералык өсүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрү пайда болот деп ишенебиз».

Beeline мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE