Пример HTML-страницы

Баткенден алынып келген 90 түп шабдалынын көчөтү Ысык-Көл облусунда кандай түшүм берди? (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылынын тургуну Талантбек Базаркулов багбанчылык менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Биздин айылда көпчүлүгү өрүк, алма өстүрүү менен алек. 2017-жылы Баткен облусунан 90 түп шабдалынын көчөтүн алып келип, сыноо иретинде отургузган элек. Анын ичинен 80 түбү көктөп, учурда түшүм алып жаткан чагыбыз.

Биз шабдалынын көчөттөрүн өрүк багынын арасына отургузган элек. Ал жактан деле жакшы өсүп кетти. Мурунку жылы шабдалынын килограммын 70 сомдон, былтыркы жылы 80 сомдон сатып өткөргөнбүз. Быйыл 1 тоннадан ашуун түшүм алып, сактап көрүүнү туура көрдүк. Учурда үй-бүлөбүз менен түшүм жыйнап, муздаткычка сактаганы турабыз. Кудайга шүгүр, быйыл түшүм мол болду. Келечекте шабдалы багын кеңейтүүнү максат кылып жатабыз. Даамы ширин, түсү да көз жоосун алат», — деди ал.

Жергиликтүү тургундар Талантбек Базаркуловдун шабдалы багын көрүп, алдыда өстүрүүнү максат кылып жаткан кези. Учурда багбан түшүмүн жыйнап, кышкыга сактоого аракет көрүп жатат. Ал быйыл 80 түп шабдалыдан 1 тоннадан ашык түшүм алган.

Багбанчылыктын сырын өздөштүргөн айыл тургуну шабдалынын көчөттөрүн сыноо иретинде алып келип тиккен. Азыр облустун көпчүлүк айылдарынан Талантбек аганын шабдалы багын көрүү үчүн барып, кеңеш алып турушат. Багбан Ысык-Көлдүн тескей жээгине шабдалы өсө турганын айтып, дыйкандарга кеңешин берүүдө.

Галерея: Талантбек Базаркулов

Turmush басылмасына катталуу аркылуу Талантбек Базаркулов менен байланышып, багбанчылыктын сырлары менен кененирээк тааныша аласыздар…

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE