Пример HTML-страницы

Баткендеги чек арачылар эми канча айлык алат? Министрлер кабинетинин төрагасы сумманы атады

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун чек арага жакын айылдарындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда талкаланган турак жайларды калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттен 3 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу 29-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары учурунда билдирди.

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу агрессиясынын актысынын натыйжасында 640 турак жай (430 үй жашоого жараксыз, 210 үй оңдоону талап кылат), 11 административдик жана стратегиялык объекти, 18 социалдык объекти (8 мектеп, 7 бала бакча, 3 фельдшердик-акушердик пункт), 336 кошумча имарат, 197 чарбалык объект, 1 автомобилдик көпүрө, 55 автоунаа жабыркаган. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, ыктыярчылар, атайын техникалар тартылган.

Анын айтымында, жаңы үйлөр кыш келгенге чейин курулат. «426 жаңы турак-жай курулат. Былтыркыдай сэндвич-панелдин кереги жок, цемент менен кирпичтен курабыз деп жатасыңар. Бизге ушундай маалымат берилди, биз аны ишке ашырабыз. Кирпич, цемент боюнча макулдаштык», — деди ал.

А.Жапаров 1-октябрдан тарта УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлеринин айлык маянасы эки эсеге көбөйтүлгөнүн билдирди. «Келишим менен кызмат өтөп, 14-15 миң сомдон алган прапорщиктер, сержанттар эми 38 миң сомдун тегерегинде айлык алышат. Баткен жана Лейлек райондорунда кызмат өтөгөндөргө «2» коэффициентти колдондук — аларга 60 000, 70 000, 80 000 сомдун тегерегинде берилет», — деди ал.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE