Пример HTML-страницы

Баткендеги айылда сел аккан сайдын жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Бөжөй айылында сел аккан сайдын жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, быйылкы жылдын май айында катуу жааган жамгырдан улам сел келип,үйлөргө кооптуулук жаралган. 6 чакырым узундуктагы сел жүрүүчү сайдын дээрлик тең жарымында сайдын нугу бузулган. Сайды калыбына келтирүү иштери ӨКМден тартылган техниканын жардамы менен аткарылууда.

Бөжөй айылындагы 11 коктудан келген сел сууларынан коргоо жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, учурда габион торчолорун орнотууга тартылган жергиликтүү элдин көмөгү менен сел коркунучун жоюу иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE