Пример HTML-страницы

Баткендеги Айдаркен шаарын кимдер башкарган?

Акыркы жанылыктар

TurmushАйдаркен шаары түзүлгөндөн бери 5 мэр иштеди. Аймактык кабарчы алар менен тааныштырат.

Айдаркен шаары 2012-жылы 27-сентябрда райондук маанидеги шаар макамын алган. Шаар Баткен облусунун борборунан 60 км, ал эми Кадамжай районунун борборунан 46 км аралыкта жайгаш

Шаардын тарыхы сымап өндүрүү менен тыгыз байланыштуу. Айдаркен шаары кыргыз улутундагы жарандар отурукташкан жерде 1942-жылы шаарды түптөөчү сымап руднигинин алдында түптөлгөн. Айдаркен сымап кени чыгуучу жайы 1914-жылы ачылып, дүйнөдөгү эң ири болгон Испаниядагы Алмаден кен чыгаруучу ишканасынан кийинки эле кен болуп саналат.

Улуу Ата мекендик согуш жылдарында 1941-1945-жылдарда Украина СССРнин Донецк областынан «Никитов» сымап комбинатынын жабдуулары алынып келинген. Донецктеги «Никитов» сымап комбинаты тынчтык мезгилде бул баалуу сырьену өндүрүүчү жалгыз завод болгон. Ал 1941-жылдын аягында толугу менен Айдаркенге көчүрүлгөн.

Шаарды жетектегендер:

— Мукумов Момунжан 2013-жылдан 2015-жылга чейин;

— Козубаев Абдыразак 2015-жылдан 2017-жылга чейин;

— Мумбаев Мухубилла 2017-жылдан 2019-жылга чейин;

— Астанакулов Байышбек 2019-жылдан 2022-жылдын май айына чейин;

— 2022-жылдын июнь айынан тарта Мурзажанов Алтынбек мэр болуп иштеп келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE