Пример HTML-страницы

Баткенде таза суу тармагын тейлөө үчүн 4,5 млн сомдук жабдыктар алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде таза суу тармагын тейлөө үчүн 4,5 млн сомдук жабдык, шаймандар алынды. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда,Кадамжай районунун Майдан, Үч-Коргон, Кыргыз-Кыштак жана Исхак-Полотхан айыл аймактарынын, Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарынын, Лейлек районунун Сумбула жана Бешкент айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнө кеңсе жабдуулары жана суу системасын тейлөөгө керектүү шаймандар тапшырылды. 1 млн 87 миң 578 сомдук кеңсе жабдуулары жана суу системаларын эксплуатациялоого керектүү 3 млн 403 миң 800 сомдук шаймандар алынган.

Аймактагы ичүүчү суу менен камсыздоо ишканаларынын техникалык базасын чыңдоо долбоорунун негизинде Баткен облусунун жалпы 43 айылын суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE