Пример HTML-страницы

Баткенде Ооган согушунда курман болгон жоокерлер эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде СССРдин жоокерлеринин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына арналган салтанат өттү.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында Ооган согушунун баатырларына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, Куран окулду. Андан соң салтанаттын экинчи бөлүгү расмий түрдө ачылып, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ооганчы ардагерлерди куттуктап, ардак грамоталарды тапшырды.

Ооган согушуна 7 миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышып, алардын 300дөн ашууну курман болгон. Анын ичинен Баткен облусунун аймагынан барган 774 жоокердин ичинен 27 жоокер кайтпай калган. Учурда облуста Ооган согушунун 412 катышуучусу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE