Пример HTML-страницы

Баткенде мас абалда унаа башкарган 6 айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун аймагында 6 күн ичинде 725 айдоочу жол эрежесин бузгандыгы аныкталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-июлдан 9-июлга чейинки аралыкта рейд жүрүп, анын алкагында мас абалында унаа башкарган 6, айдоочулук күбөлүгү жана автоунаага тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 10 учур катталды.

Кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашырып айдагандар 89, алдыңкы айнегин мыйзамсыз караңгылаткан 1 айдоочу кармалды.

Башка ар кандай жол эрежелерин бузган 619 айдоочу токтотулуп, убактылуу токтотуучу айып короого 14 автоунаа киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE