Пример HTML-страницы

Баткенде «Мал ууру» рейди өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облус аймагында «Мал уурулук» иш-чарасы башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымтка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан «Мал ууру» рейди башталып, иш-чаранын алкагында шаар аймагына стационардык посттор коюлуп, ветеринардык кызматтын кызматкерлери менен биргеликте текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Облус аймагындагы мал базарлар текшерилип, келген элге мал уурулукту алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери уюштурулду. Эт саткан дүкөндөр, мал союулуучу жайлар көзөмөлгө алынып, уурдалган малдын этин сатпоо жагы түшүндүрүлүүдө.

Бул иш-чара 10-февралга чейин жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE