Пример HTML-страницы

Баткенде өрүк гүлдөдү. Жергиликтүүлөр эмнеге жоруп жатышат?

Акыркы жанылыктар

TurmushСентябрь айынын аяктоо алдында Баткен шаарында өрүк багы кайрадан гүлүн ачты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Анда как кылынбай сатыла турган ак өрүктүн «ашкана» сорту гүл ачканын көрүүгө болот. Аталган өрүктүн сорту эң эле эрте бышуучу мөмө, тактап айтканда май айынын аягында бышып, сактоого болбойт. Адатта апрель айында гүлүн ачкан өрүк сентябрь айынын аягында кайра гүлдөдү. Мындай табияттын кубулушун өлкөнүн айрым аймактарынан гана көрүүгө болот.

Эзелтен ата-бабалар табияттын мындай кубулушу аркылуу күз мезгили узак болушуна, кыш мезгилинин жеңил өтөрүнө жорушкан.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында алма жана алмурут багы гүлдөгөнүн жазган.

Жергиликтүү тургундун айтымында, сентябрь айында мөмө-жемиштер бышып жатса, анын бакчасындагы алма жана алмурут багы гүлүн ачкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE