Пример HTML-страницы

Баткенде үйүнө кайтып келген тургундар эмнелерге күбө болушту? (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарынын тургуну Уланбек Дыйкановдун үйү Тажикстандын бир нече ракеталык системасынын («Град») атылышынан улам жабыркаган.

Анын айтымында, беш бөлмөлүү үй жашоого жараксыз болуп калган.

«5 бөлмөлүү үй жараксыз болду. Жаныбыз аман калганына сүйүндүк. Снаряд саат 13:00дөн 14:00гө чейин түшкөн. Биз 1 саат мурда чыгып кеткен элек», — деди ал.

Окуя тууралуу:

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө Баткен районунун Эки-Таш участкасында тажик чек арачылары тарабынан ок атуу башталган. Саат 07:20да Баткен районунун Кызыл-Бел айылында ок атышуу башталган болчу. Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу орун алган. Баткен районунун кооптуу айылдарда жашаган тургундарын эвакуациялоо иштери башталган.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE