Пример HTML-страницы

Баткен шаарындагы туюк тротуарлардан ыңгайсыздыктар жаралууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарынын Садыман ажы көчөсүндөгү тротуарларга ошол жердеги дүкөндөрдүн тепкичтери салынып, жөө жүрүүчүлөр унаалар менен кошо чоң жолдо басууга аргасыз.

Шаар тургуну Албина Абдилакимованын айтымында, аталган жолдо тротуарга деген жерге сатуучулар товарларын жайнатып алышат. Мындан улам айдоочулар унааларын башаламан токтотушат.

«Бул жолдо базар, автовокзал, кичи дүкөндөр, сулуулук салондору жайгашкан. Мындан улам киши көп жүрчү жай. Ага кошо эле унаа тыгыны көбөйөт. Себеби тротуарга деген жерге сатуучулар товарларын коюп алышкан. Ал эми кээ бир дүкөндөр тротуарга тепкичтерин салып алышкан. Бул мыйзамсыз, кызыл сызыктан өтпөшү керек. Мэрия чара көрүш керек деп ойлойм. Унаалар менен жөө жүргүнчүлөр кошо жүрүшөт. Же бир тараптуу жол кылышы керек. Эки тарапка өткөн унаалар бир саатка чейин жол таппай тыгында калышат. Башаламан көчө», — деди ал.

Мындан сырткары шаардагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин жанына окуучулар үчүн салынган тротуар талга барып такалып калган. Ал жер чоң жол менен бурулушта болгондуктан балдардын чоң жолдо баруусуна кооптуулук жаралат. Ошол эле учурда аталган мектептин айланасындагы жолдордо жол белгилери өчүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE