Пример HTML-страницы

Баткен шаарында Ак калпак жана Мамлекеттик туу күнү белгиленип жатат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 3-мартта Баткен шаарында Ак калпак жана Мамлекеттик туу күнүнө карата иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, ага шаардагы бардык мекеме ишканалардын кызматкерлери катышууда. Алар колдоруна желектерди кармап, жөө жүрүш уюштурушту.

  • Кыргызстанда 5-март Ак калпак күнү катары белгиленип келет. 2011-жылы Ак калпак күнүнө карата чоң иш-чара өткөрүлгөн. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март Ак калпак күнү катары расмий түрдө бекитилген. Бирок 2017-жылы айрым сунуштардын негизинде ал токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары кабыл алынган.
  • Өлкөнүн мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому менен бекитилген. Туунун сүрөтүн Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыковдор тарткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE