Пример HTML-страницы

Баткен шаарында 1,5 гектар аянтка мал базар курулууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында 1,5 гектар аянтка мал базар курулууда. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы мал базар шаардын Чет-Булак кварталына курулууда. Анын курулушуна 2 млн 973 миң сом акча каражаты каралган. Анда унаа коюучу жайлары жана бодо малдарды унааларга жүктөөчү аянтча каралган. Муниципалдык мал базарды быйыл бүткөрп пайдаланууга берүү пландалууда. Аталган мал базардын курулушун «Аист-Строй» ЖЧК аткарууда.

Шаардагы эски мал базар чоң жолдун боюнда жайгашып, автоунаанын тыгындын жаратчу жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE