Пример HTML-страницы

Баткен облусу мигранттардын саны боюнча өлкөдө экинчи орунда турат. Алар былтыр 16 млрд сом которушкан

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунда 570 миң 898 адам каттоодо болсо, анын 26 миң 362 пайызы тышкы миграцияда (ички миграция — 9722 адам) жүрөт. Бул көркөткүч өлкөдө Жалал-Абад облусунан кийинки орунда турат. Бул тууралуу Баткен шаарында өткөн атайын кеңешмеде айтылды.

Миграциялык процесстерди талкуулаган кеңешмеге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Уюштурулган иш-чара 2021-2030-жылдарга карата иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын миграциялык саясат концепциясынын жана 2025-жылга чейин концепцияны аткаруу боюнча иш-чаралардын планынын алкагында өттү.

Кеңешмеде миграция өлкөнүн аймактарындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү маанилүү фактор экени белгиленип, миграциялык саясаттын негизги багыттары, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо экени айтылды.

Иш-чарада эксперттер аймактарда бизнести өнүктүрүү максатында чет мамлекеттен кайтып келген жарандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жеке ишкердик боюнча ишмердүүлүк көндүмдөрүнө жана финансылык сабаттуулукка окутуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат менен бөлүшүштү.

Ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты жайылтуунун маанилүү максаттары катары чет мамлекеттеги диаспораларды, уюмдарды тартуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын маалыматына ылайык Баткен облусуна 2023-жыл ичинде чет өлкөлөрдө эмгектенген мекендештерден болжол менен 16 миллиард сомдук акча которуулар болгон.

Бүгүнкү кеңешме мына ушул каражаттарды максаттуу пайдалануу, мекендештерге туура багыт берүү, чет жакта алган тажрыйбаларын пайдаланып, мекенинде ар кандай ишкердик баштоого шыктандыруу боюнча сунуш-пикирлерди ортого салган аянтча болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE