Пример HTML-страницы

Баш тарткан кесиптин ээси болгон А.Апасова түн ичинде кармап алган окуучулардын ата-энесин кантип «тузакка түшүргөн»?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Коңорчок айылынын тургуну Аида Апасова 15 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Апасова Аида Осмонгожоевна 1979-жылы 14-декабрда Баетов айылында туулган. 1986-1997-жылдары М.Ломоносов (азыркы Шүкүрбек Бейшеналиев) атындагы орто мектебинде, 1997-2001-жылдары Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин технология факультетинде, 2006-2010-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алып, информатика сабагы боюнча мугалимдик кесипке ээ болгон. Үй-бүлөлүү. 3 уул, 1 кыздын энеси.

Каарманыбыз ата-энеси сунуштаган кесиптен баш тарткандыгын, бирок тагдырдын буйругу менен ошол кесипти аркалап жүргөнүн айтты.

«Мектепти бүткөндөн кийин ата-энем мени шаарга алып келип, «мугалим болосуңбу» дешти. Ушуну эле таякелерим дагы айтты. Мен болсо, «конструктор же дизайнер болушум керек» деп, айткандарынан баш тарттым. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин технология бөлүмүнө тапшырдым. Бирок, турмушка чыгып, айыл жеринде жашап калгандыктан, мугалимдик кесип боюнча окууга туура келди. Анткени, айылда бул кесиптен башка иш жок эле. Анын үстүнө кайната-кайненем дагы улгайып калган адамдар. Жолдошум дагы бир үйдүн кичүүсү болуп, кайната-кайненемдер колубузда болчу. Ошентип, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине которулуп, мугалимдик кесипке ээ болгом. 2008-жылдан бери Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинде эмгектенем. Мугалим болгонума өкүнбөйм. Бул кесибимди сүйөм», — деди Апасова.

Аида айым ата-энеси дагы кызматта иштеген адамдар экендигин жана жолдошу тууралуу айтып берди.

«Менин атам Осмонгожо Апасов райондук суу чарба башкармалыгында инженер болуп иштеп, 41 жылдан кийин ардактуу эс алууга чыккан. Апам Нуржамал Ормокеева райондук оорукананын лаборатория бөлүмүндө 47 жыл эмгектенип, азыр ардактуу эс алууда. Ал эми жолдошум Сыргабек Кыдырмышов менен студент кезимде бөлөм аркылуу таанышып, экөөбүз 2 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз», — деди ал.

Аида Апасова кесибинен тышкары кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Чоң апам уз киши болгон. Өрмөк согуп, чий чырмап, сайманын түрүн сайып, түймө түйүп, кийиз оюп, шырдак жасачу. Ошол чоң апамдын өнөрү менде дагы калыптыр. Анткени, бала кезимде чоң апама кошулуп алып чий чырмап, өрмөк согуп жүрдүм. Өзүмө түймө кийимдерди түйүп кийип алчу элем. Азыркы учурда дагы балдарыма түйүп берем. Бош убактымда өзүбүздүн жана коңшу айылдардан буйрутма түшкөндө шырдак оюп, чыраш чырмап берем. Мындан сырткары, каникул учурунда кошумча киреше табуу үчүн үйдөн тигүүчүлүк менен алектенем», — деди Апасова.

Мугалим А.Апасова кесиби аркылуу жетишкен ийгиликтерин санап берди.

«Ийгилик деген терминдин өзү өтө абстрактуу. Ийгилик — бул оң натыйжа менен аяктаган аракеттин жыйынтыгы же бактылуулук. Ийгилик ар бир адамга ар кандай болушу мүмкүн. Ийгилик кээ бирөөлөр үчүн кесиптик карьерасындагы белгилүү позицияга жетүү, кээ бирөөлөр үчүн туруктуу, эффективдүү мамилелерди орнотуу болуп эсептелинет. Менин ийгилигим — кесибимдин арты менен окуучулардын сүйүктүү эжесине айландым, айланама эң жакшы адамдарды топтоп, жакшы чөйрө таба алдым. Мыкты деген кесиптештер менен иштешип, айылдагылар «кадырлуу мугалим» деп сыйлап келишет. Ушунун бардыгы кесибим аркылуу тапкан ийгилигим деп эсептейм. Ошондой эле, алган сыйлыктарым, сынактарда алган ордуларым көп эле. Негизгиси, республикалык деңгээлдеги «Санарип мугалим» сынагында Дубайга эс алууга жолдомо утуп алдым. Бала кезде «чет жерлерди көрсөм» деген кыялымдын бири кесибимдин арты менен орундалып, жакында Дубайга барганы жатабыз», — деди ал.

Аида айым ишиндеги эсте калган кызыктуу окуяларынан айтып берди.

«Кесибим менен бирге эле мектепте социалдык мугалим болуп дагы иштейм. Окуучулардын түндөп көчөдө жүрүүсүнө бөгөт коюу боюнча иш-план бар.

Айылда муз аянтча бар эле. Ал муз аянтчанын кожоюну, ата-энелер жана мектеп болуп «окуучулардын кечки саат 20:00дөн баштап көчөгө чыгуусуна тыюу салуу, кимде ким чыкса айып пул төлөйт» деген үч тараптуу келишим түзүлгөн. Мындан 3-4 жыл мурун кыш мезгилинде түнкү рейдге чыгып, 10-класстын окуучуларын муз аянтчадан кармап алдык. Ал жерден ата-энелерине телефон чалсак, айрым ата-энелер: «Досторуна жолукканы чыккан» деп моюндарына алышты. Анан 2-3 ата-энеге чалсак, калп айтышты. Бир баланын энесине телефон чалып: «Эже, балаңыз үйдөбү?» десем, «ооба, үйдө» деди. «Анда балаңыз менен сүйлөштүрүп коёсузбу» десем, «азыр эшикке чыгып кетти эле, келсе айтып коёюн» деди. «Эшикке чыгып кеткенине канча убакыт болду» десем, «5 мүнөттөй болуп калды, жаңы эле чыкты» деди. Анан мен: «Эже балаңыз менин жанымда, муз аянтчада турат» десем, эже эмне деп айтарын билбей, «апей» деп, андан ары сүйлөй албай, мукактанып туруп калды.

Дагы бир окуя айтып берейин. Иште алаксып, жаңылып калган учурлар болот да. Бир жолу ушундай мектепке шашып барып, 9-класстын журналын алып, класска кирдим. Баягы журналды ачып, окуучуларды толуктап баштадым. Окуучулар болсо мени таң калып карашса, мен өзүмдү карап коём. Баары эле жакшы. Анан эле артымдан тарых сабагынын мугалими кирип келип: «Эже азыр менин сабагым» десе, мен: «Жок, менмин» деп эле болбой койдум. Ал мугалим кайра чыгып кетти. Сабакты баштап кирдим. Окуучулар окуу куралдарын алып чыгып жатышкан. Аңгыча тарых мугалими кайра кирип: «Эже, азыр мен экенмин» деди. Мен чочуп кетип: «Койчу, азыр канчанчы саат?» десем, окуучулар: «Азыр үчүнчү саат, сиз бешинчи саатта киресиз» дешти. Окуучулардын алдында аябай ыңгайсыз абалда болуп, тиги мугалимден кечирим сурап, жылмайып алып чыгып кеттим. Канторага келип, мугалимдерге айтсам, каткырып күлүштү», — деди Аида Апасова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE