Пример HTML-страницы

Баланы кулак оорусунан кантип сактоо керек?

Акыркы жанылыктар

TurmushКулку — теринин май бездери бөлүп чыгарган заттан жана теринин өлүк клеткаларынан турган өзгөчө кошулма.

Сырткы угуу өткөөлү ичке жана ийри болуп, анын капталын цемент жана ун чаңдары жана башкалар дүүлүктүргөндө кулку чогулат. Адегенде жумшак болуп, бара-бара катууланат. Ал саргыч же күрөң түстө болот. Эгерде кулку өтө көп чогулуп, угуу жолун бүтөп калса, жакшы укпай калат жана кулакта өз үнү жаңырат. Бул кулакка суу киргенде же кулакты ширеңке менен чукуганда капысынан болот. Эгерде кулку угуу өткөөлүнүн капталын жана тарсылдакты кысса жөтөлүп, кулагы чуулдап, башы айланышы мүмкүн. Мындай учурда дарыгерге кайрылуу керек. Чогулган кулкуну адегенде жумшартып, анан тазалайт. Мында кулку көөп, угуу абдан начарлайт. Андан коркпоо керек. Кулкуну өз алдынча чукулап алып таштоого аракеттенүү жарабайт. Себеби тарсылдакты жана сырткы угуу өткөөлүн жабыркатып алуу мүмкүн. Ат-Башы районундагы балдар дарыгери Шакен Мамбеткадырова балдардын кулагын тазалоонун жана суудан сактоонун жолдорун айтып берди.

«Баланын кулкусу 2 түрлүү болот. Кургак жана суюк кулку. Кулакты күндө эле тазалай бербейт. Баланы киринткенден кийин акырын тазалап койсо болот. Кулак чукугучтар катуу болуп калат. Ватаны эшип алып, ошону менен тазаласа болот. Тазалап жатканда өтө этияттык мамиле керек. Кулактын тарсылдагын жарып алышы мүмкүн. Себеби, баланын кулагынын тарсылдагынын алыстыгы 1,5-2 сантиметр. Тактап айтканда тарсылдагы жакын. 1 жумада 1 тазалап койсо болот. Кулактын ичинде бездер бар. Ошолор кулактын ичин майланыштырып турат. Ал катып калганда кулку пайда болот. Тазалабай койсо дагы болбойт. Кулку чогула берсе, үн уга турган жерди бүтөп калат.

Баланы киринткенде суу кирип кетсе, отит (өнөкөт кулак оорусу) болуп калышы мүмкүн. Себеби, кулакта дагы инфекциялар болот. Ным жерде бактерия тез өрчүйт. Колдон келсе кулакка суу киргизбөөгө аракет кылуу керек. Жуунтардын алдында ватага вазелин сыйпап, кулакка салып койсо, суу өткөрбөйт», — деди ал.

Анын айтымында, кулак сырткы, ортоңку, ички кулак деп бөлүнөт.

«Укпай калуунун түрлөрү болот. Көбүнчө кулактын тосмосу сезгенип жатып тешилип калат. Сырткы, ортоңку, ички кулак деп бөлүнөт. Биздин көзүбүзгө сырткы кулак көрүнүп турат. Сырткы кулак менен ортоңку кулактын ортосунда тосмо бар. Эгерде ошол тосмо тешилип калса, анда балдардын угуу системасы начарлайт. Кайсы убакта тешилет? Көбүнчө ортоңку отиттен тешилет. Тактап айтканда, баланын кулагы ириңдеп, убагында дарылабаса тосмо тешилип калат. Ал угуунун төмөндөшүнө алып келет. Ошондо бала тең салмактуулукту кармай албай, кетенчиктеп калат. Кулактан ириң акканда аркасынан түшүп дарылаганга аракет кылуу керек. Отит — курч респиратордук вирустук инфекциянын (сасык тумоо) кабылдоосу. Бала бакырып, өкүрүп ыйлайт. Отит болуп жатканын билүү үчүн кулактын астындагы дөмпөктү акырын басып көрүш керек. Эгер бала бакырса, демек кулагы ооруп жаткан болот», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE