Пример HTML-страницы

Бүгүн Токтогул ГЭСте иштеген адам жумуш учурунда мерт кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында ГЭСтин жумушчусун темир басып калып, каза болду. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 23-марта саат 14:40 чамасында Кара-Көл шаарынын Жээн-Кыштоо участкасында жайгашкан Токтогул ГЭСтери каскадынын «Гидроспецстрой» кампасында Кара-Көл шаарынын тургуну О.Ж. оор жүк көтөрүүчү кызматтык автокран менен болжолдуу 7500 кг салмактагы темирди ордунан тикелеп көтөрүп, башка жерге жылдырып жаткан учурда болгон. Темирдин бир бурчуна илинген автокрандын тросу чыгып кетип, темир кайра жерге бир капталы менен кулап, ошол жерде иштеп жаткан Токтогул ГЭСнин жумушчусу — Кара-Көл шаарынын 36 жаштагы тургуну Ж.М.ны басып калган. Анын кесепетинен жумушчу окуя болгон жерде каза болгон.

«Аталган окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлүп, схемалар чийилип, фото-таблицалар түзүлгөн жана топтолгон материал Кара-Көл ШИИБдин Маалымат эсептөө журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Ошондой эле учурда Кара-Көл ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуя боюнча тийиштүү адамдар суралууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE