Пример HTML-страницы

Ат-Башыда райондун намысын коргогон алдыңкы окуучулар сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунда «алтын сертификаттын» ээси, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээлери, жалпы республикалык тестирлөөдө 200 упайдан жогору алган жана предметтик олимпиададан олжолуу орундарга ээ болгон окуучулар сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров билим алуу ийне менен кудук казган сыңары, окуучуларды мындан ары билим алуусунда талыкпастан алдыга койгон максаттарына ишенимдүү кадам таштаарына тилектеш экенин айтып өттү. Ал резервдик фондунан окуучуларга акчалай сыйлык берип, мындан тышкары ардак грамота жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Кызыл-Туу айылынын К.Керималиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Назарова Гүлайым жалпы республикалык тестирлөөдө 226 упай алып, «алтын сертификатка» татыган.

Физика сабагы боюнча республикалык олимпиадага 3-орунга ээ болгон А.Искендеров.

«Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгон окуучулар:

1. Таалайбекова Адинай — Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектеби;

2. Төрөбекова Алима — Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектеби;

3. Коногалиева Баян-Сулуу — Калкан Кермалиев атындагы орто мектеби;

4. Абдырасулова Айжан — Калкан Кермалиев атындагы орто мектеби.

Жалпы республикалык тестирлөөдө 200 упайдан жогору алган окуучулар:

1. Адиль кызы Нуржаз 201 упай — Н.Үсөналиев атындагы орто мектеби;

2. Райымбеков Азамат 208 упай — Н.Үсөналиев атындагы орто мектеби;

3. Эсенгуловп Малика 209 упай —Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектеби;

4. Нурланова Аманда 217 упай —Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектеби;

5. Асанова Мелина 213 упай —Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектеби;

6. Медербек кызы Азиза 205 упай — Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектеби;

7. Бейшеналиев Нурзирек 217 упай — Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектеби; 8. Нааматова Айдана 216 упай — К.Карпеков атындагы орто мектеби;

9. Исаков Эмир 204 упай.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE