Пример HTML-страницы

Ат-Башы районунда бала бакчалар жетишсиз

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунда бала бакчалар жетишсиз. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда райондо бала бакча муктаждык 46% түзөт.

Жергиликтүү тургун Айжан Сабырбекованын айтымында, 4 баласынын бирөө гана бала бакчага барган.

«Ат-Башы районуна келин болуп келгениме 10 жылдан ашты. Учурда 4 балам бар. Алардын бирөө гана бала бакчага барды. Калгандары бала бакчада орун жок болгондуктан бара алган жок. Азыр дагы кичүү балам 2 жашта. Аны дагы берейин десем орун жок болгондуктан бере алган жокпуз. Бул көйгөй менде гана эмес башка көп ата-энелерде бар», — деди ал.

Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиргендей, учурда аталган райондо бала бакчага кезекте турган 146 бала бар. Жалпы райондо 22 бала бакча иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE