Пример HTML-страницы

«Асмандан келген келгин» 19 жаштагы нарындык Абайга алгачкы ийгилик алып келди

Акыркы жанылыктар

Turmush19 жаштагы Нарын шаарынын тургуну Абай Калыгулов андроид платформасы үчүн оюн иштеп чыккан. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Каарманыбыз учурда 1-курста окуйт. Программалоо боюнча 9-классында өз алдынча үйрөнүп баштаган.

«2003-жылы 13-апрелде Нарын шаарында туулгам. Азыркы учурда С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде маалыматтык эсептөө техникасы багыты боюнча 1-курста окуп жатам.

Үй-бүлөдө 4 кыз, 2 эркектин улуусумун. 8-класска чейин В.Чкалов атындагы орто мектебинде, андан кийин К.Жакыпов атындагы орто мектебинде окуп, 2021-жылы бүтүрдүм. В.Чкалов атындагы орто мектебинде 1-класста 36 окуучу болчубуз. Ал эми К.Жакыпов атындагы мектебинде 21 окуучу окудук. Бул жакта окуучу азыраак болгонго ар бирибизге жетиштүү көңүл бурулуп, тапшырмаларды айтканга баарыбызга убакыт жетиштүү болчу. Ошондуктан окуучулар «мугалим тапшырманы, теманы сурайт» деп сабакка жакшы көңүл бура баштайт экен.

Башынан эле программист болорумду билчүмүн. 9-класс кезимде «Эмне үчүн программалоону жогорку окуу жайдан эле окуш керек?» деген суроо жаралды. «Өз алдынча деле үйрөнсө болот да» деп ютубдан видео сабактарды көрө баштадым. Барган сайын оорлошуп, суроолор жарала баштаганда Google форумдардан окудум», — деди Абай Калыгулов.

Анын айымында, 8 айда «Космо ран» деп аталган автордук оюнун иштеп чыккан.

«Космо ран» деген оюн жасап чыктым. Бул азырынча андроид платформасында гана иштейт. Оюн бир келгин жөнүндө. Ал жумуштан чыгып, үйүнө космос кемеси менен бара жатып, метеорит жаанына кабылып, 3311 планетасына барып кыйрап калат. Оюнчунун тапшырмасы ал келгиндин кемесинин деталдарын, башкача айтканда сынык, бөлүктөрүн чогултуп, кемесин кайрадан курганга жардам бериши керек болот. Бул оюндун аягы жок. Ойноп кете берсе болот. Мында 1 адам жалгыз ойнойт. Бирок рейтингин, жыйынтыгын башка колдонуучулар көрө алат.

Оюнду жасоого 8 ай убакыт керектелди. Алгач идея келгенде кагазга түшүрүп алдым. Мында кайрадан оңдоп-түздөп, кошумчаларды кошуп, идеалдуу абалга келтирүүгө болот. Андан соң гана компьютердин тилине салыш керек. Эгер дароо эле компьютерде коддор менен иштеп баштап алса, ортодо ката кетип же кошумча-алымчалар болуп кала турган болсо кайрадан нөлдөн баштоого туура келип калат. Ошол себептен алгач ойду кагазга түшүрүп, механизмин жакшылап түшүнүп алуу жакшы жыйынтык берет», — деди ал.

Абай Калыгулов аталган оюнду иштеп чыгуудагы кыйынчылыктары менен бөлүштү.

«Оюнду иштеп чыгууда бир катар кыйынчылыктар болду. Оюнду жасоодо музыка жасаганды, графикалык макетти түзгөндү жана башка бир топ иштерди жасоону, аларды жасоочу программалар менен иштөөнү билиш керек экен. Башында мен программалоону эле билгендигиме байланыштуу ортодон өз алдымча графикалык дизайн жасоону, музыка даярдоону үйрөнүп, ишти улантып жаттым. Ошол себептен убакыт көп кетип калды.

Негизи бир оюнду команда менен көп дегенде 2-3 айда жасаса болот. Топ менен иштегенде жумушту ар ким компетенциясына жараша бөлүшүп аткарышат. Анан кыска убакта чогултулуп даярдашат.

Андан сырткары даяр болгон оюнду плей маркетке жүктөөдө кыйынга турду. Себеби, ал жакта адамдын жарандыгы, мисалга алганда Казакстан же Орусияныкы болуш керек экен. Мен Кыргызстандын жараны болгондуктан, менин атыман ал жакка каттап, жүктөөгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошентип Орусиянын жарандыгы бар байкемдин атынан жүктөп, тиешелүү акча каражатын төлөп жайгаштырдык. Оюн 8 тилге которулган. Бул тилдерге дагы өзүм котордум. Ар кандай сөздүк, которуучу тиркемелер менен иштедим. Оюндун негизги тили — кыргыз тили. Бул мен үчүн чоң сыймык. Оюнду алгач үй-бүлөмө ойнотуп көрдүм. Азыркы тапта 500дөн ашык колдонуучу жүктөп алды. Кызыгы эң көп чет өлкөдө көчүрүлдү.

Оюндарда инструмент жана башкаларды сатып алып, ойногудай кылып киреше тапса болот. Бирок мен анткен жокмун. Колдонуучу бекер жүктөп алып, бекер ойносо болот.

Азыркы учурда үйдө отуруп алып, дүйнөнү багындырып кое турган мүмкүнчүлүк баарыбызда бар. Ал үчүн сөзсүз эле жогорку билимдүү болуш керек эмес. Башкысы бир нерсе үйрөнүүгө, жасоого каалоо, анан аракет болуусу шарт», — деди ал.

Каарманыбыз азыркы тапта окуудан сырткары чет өлкөдөгү маалымат технологиясы (IT) багытында иш алып, компанияда аралыктан эмгектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE