Пример HTML-страницы

Араванда ата-энесинен ажыраган балдарга белек беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushБалдарды коргоо күнүнө карата Ош облусунун Араван районунун прокуратурасы Керме-Тоо айыл өкмөтүндө ата-энесинин камкордугусуз калган балдардан кабар алышты. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган айыл өкмөттүн тургуну Ибрахим Олжобаевдин убактылуу камкордугунда турган 2 балага белек берилди. Алардын кичүүсү 2 жашта болсу, улуусу 9-класстын окуучусу.

«Мындан сырткары жашы жете элек 6 балага белек алынып, райондун прокурору аталган балдар жашап жаткан үйгө барып, жашоо шарты менен таанышты. Ал балдарды майрамы менен куттуктады», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE