Пример HTML-страницы

Араванда 250 балага белек берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-майда Ош облусунун Араван районунда 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосу менен 20 адамга майып араба, 250 балага белектер жана таттуулар берилди.

Буга чейин балдарды коргоо боюнча 15-майдан баштап 15-июнга чейин атайын 1 айлык акция жарыяланган. Акциянын алкагында бүгүнкү иш-чарага Араван районунан социалдык кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү жана райондун тургундары болуп жалпы 300 адам катышты.

Мындай иш-чаралар райондогу башка айыл өкмөттөрдө да уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE