Пример HTML-страницы

Ар кандай тармакта жетекчилик кызматтарды аркалаган Түптөгү айымдар

Акыркы жанылыктар

Turmush8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Turmush басылмасы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жетекчи айымдар тууралуу маалыматтарды топтоду.

Дюшебаева Эрмекан Асанакуновна — Түп районунун акиминин орун басары. Ал 1969-жылы 11-январда кызматчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Кичи мекени — Түп районунун Карасаев айылы. Мектепти аяктаган соң, Фрунзе шаарындагы Маяковский атындагы педогогикалык кыз-келиндер институтунда билим алган. Кесиби боюнча физика-метематика сабагынан мугалим. Алгачкы эмгек жолун Балыкчы шаарындагы СССР 50-жылдыгы мектепте агартуучулуктан баштаган. Билим берүү тармагында 8 жылдай эмгектенип, андан соң Түп районундагы социалдык жардам берүү бөлүмүнүн башкы адисинен баштап, жетекчи болгон. 2017-жылдын апрель айынан тарта Түп райондук мамлекеттик администрацияда акимдин орун басары болуп эмгектенип келүүдө. Үй-бүлөлүү, 1 уул жана 1 кыздын апасы. Учурда 4 небереси бар.

Борбукова Маргарита Маратовна — Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы. Ал 1968-жылы 21-декабрда Талды-Суу айылында жумушчулардын үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөлүү, 1 уул жана 2 кыздын энеси. 1986-1991-жылдары Магнитогорск мамлекеттик педагогикалык институтунда окуган. Алгачкы эмгек жолун Түп районунун Николаевка айылындагы орто мектептин орус тили жана адабият мугалими болуудан баштаган. 1998-2003-жылдары Тогуз-Булак айыл өкмөтүндө жооптуу катчысы болуп иштеген. Азырынча Маргарита Борбукова Түп районунун айыл өкмөтүнүн башчысы болгон жалгыз аял.

Ирина Лихобабина — Михайловка айылдык кеңешинин төрайымы. Ал 1959-жылы Михайловка айылында жарык дүйнөгө келген. 1977-жылы мектептия аяктап, Бишкек шаарындагы техникалык окуу жайга тапшырып, теле жана радио программаларын монтаждоо боюнча адистиги боюнча билим алган. Эмгек жолун 1980-жылы аскердик кабыл алуу мамлекеттик кызматта баштаган. Учурда айылдык кеңештин төрайымы. Ирина Лихобабина 2 кыз жана 1 уулдун энеси. Учурда 4 небереси бар.

Турдугүл Жаныманова — Түп райондук маданият бөлүмүнүн башчысы. Ал 1966-жылы 25-мартта Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. 1993-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Ошондой эле Токмок шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы колледжден маданий массалык иш-чараларды уюштурууну жетектөө адистигин алып чыккан. Маданият тармагына 30 жылдык тажрыйбасын арнап, учурда райондук маданият бөлүм башчысы. Үй-бүлөлүү, 1 уул жана 1 кыздын апасы.

Назгүл Байтокова — Түп райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы. Ал 1972-жылы 5-августта Ысык-Көл районунун Кожояр айылында жарык дүйнөгө келген. 1989-1994-жылдары Каракол шаарындагы Московский институтунан окуган. Кесиби боюнча юрист. Эмгек жолун 1997-жылы баштап, мамлекеттик ЖААК кызматында адистиктен баштаган. Учурда регион аралык 09-07 бөлүм башчысы. Үй-бүлөлүү, 2 кыздын апасы.

Фатима Матаева — Түп райондук китепканын башчысы. Ал 1971-жылы 31-декабрда Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң, Казакстандын Талгар айыл-чарба техникумунда билим алып, экономист-бухгалтердик кесипти алып чыккан. Ошондой эле К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. М.Элебаев атындагы райондук китепкананы үч жылдан бери жетектөөдө. Үй-бүлөлүү, 4 кыз жана 1 уулдун апасы.

Асель Бектурсанова — Түп райондук прокуратурасынын концелярдык бөлүмүнүн башчысы. Ал 1974-жылы 8-мартта жарык дүйнөгө келген. В.М.Кайкин атындагы мектепте, Бишкек шаарындагы педогогикалык институтунда билим алган. Кесиби боюнча орус тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим. Акыркы 15 жылдан бери райондук прокуратурада эмгектенип, учурда концелярдык бөлүмүнүн башчысы.

Венера Чекирова — Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн улук лейтенанты. Ал 1988-жылы 19-мартта Түп айылында туулган. В.Кайкин атындагы мектепти 2005-жылы аяктап, Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык бөлүмүндө билим алган. Жогорку окуу жайды аяктаган соӊ, Жогорку Кеӊештин катчылыгында 2015-жылга чейин эмгектенген. Андан кийин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Ысык-Көлгө келип, ОИИБдин жетекчисинин катчысы болуп иштей баштаган. Тажрыйба топтогондон кийин 2018-жылдын күз мезгилинен тарта милиция кызматкери болуп эмгектенип келет. Үй-бүлөлүк абалы — бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE