Пример HTML-страницы

Апасы төрөтканадан чыккан соң, чый-пыйы чыккан эгиздер

Акыркы жанылыктар

Turmush«Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — Анеля жана Азалия Арстанбековалар. Алардын апасы Кайыркүл Сагынбаева менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен 1989-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Тегизчил айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. 2008-жылы Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылына келин болуп бардым. Учурда жолдошум экөөбүз 4 кыз жана 2 уулдун ата-энесибиз. Кичинекей кезимде эле эгиз балалуу болууну кыялданчумун. Ошентип 2019-жылдын 14-октябрында эгиз кыздарыбыз төрөлүп, бизди кубанычка бөлөштү.

Эгиздерди багууга улуу кыздарым жардамдашып жатып эле чоңоюп калышты. Мүнөзү токтоо, боорукер, мени аяп турушат. Атасына аябай жакын. Анеля Азалиядан 5 мүнөткө улуу. Бир нерсе жасарда экөө сөзсүз түрдө өзүнчө бөлүнүп алып, эч кимге угузбай кобурашып кеңешет. Үйдө эгиздердин болгону баа жеткис бакыт экен. Экөөнүн жүрүм-турумун, кылык-жоругун көрүп алып, кээде ишенбей кетем. Күндө бир окуя болуп турат. «Кимиңер кылдыңар?» десек эле, «мен эмес» дешип, эжелерине же байкесине оодара салып, экөө бириге калышат. Жакында эле алтынчы уулубузду жарыкка алып келдим. Кызыгы, төрөтканадан үйгө чыгып келсем, «мунун бирөөсү кана?» деп экөө бири-бирин көрсөтүп жатышты», — деди ал.

Кайыркүл Сагынбаева 6 баланы тарбиялап-өстүрүүдө.

«Жолдошум Талай Арстанбеков пансионатта кафель жабыштыруучу уста болуп иштейт. Балдарына абдан камкор ата, мага сүйүктүү жар. Улуу кызыбыз Асема 8-класста окуйт. Окууга болгон кызыгуусу жакшы. Келечекте кандитер болом деген тилектери бар. Үйдө тамактын жана таттуулардын түрүн жасайт, менин оң колум. Экинчи кызыбыз Айназик 5-класста окуйт. Ал атасынын жардамчысы. Ал эми уулубуз Эмир 1-класстын окуучусу.

Жайкысын сезон учурунда пансионатта иштейм. Окуу башталганда үйдө балдар менен алекмин. Балдарга татыктуу тарбия, билим, жаркын келечек куруп берүү эң биринчи милдетибиз деп билем. Көптөн бери тигүү машинасын ала албай жүрөм. Азыркы тапта көпчүлүк кыз-келиндер үйдөн эле буюртмаларды алып, кошумча акча таап жатышат. Буюрса, ойлогон ой-максаттарыма жетериме ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады көп балалуу эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE