Пример HTML-страницы

Алтынбек Турдалиев Ак-Талаада сафлор өстүрүп, май өндүрүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Алтынбек Турдалиев сафлор майын өндүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Каарманыбыз — Ак-Талаа районунда алгачкылардан болуп сафлор өсүмдүгүн айдаган дыйкандардын бири. Ал бир жылдан бери май өндүрүп жатат.

«Сафлор өсүмдүгүн эртелеп айдаш керек. Кечирээк бышат. Алгач айдоо жерин кандыра сугаруу зарыл. Андан кийин бир аз баш көтөрүп калган кезде жерине байкап, сугарып койсо болот. Жери нымдуу болсо, сугарбай деле коюу зарыл. Бул кайракы жерлерге өсөт.

1 гектар аянттан жарым тоннадан бир жарым тоннага чейин түшүм берет. 4 килограмм сафлор данынан 1 литр май алынат. Ошондой эле, 4 килограммдан 3 килограмм жмых (тоют) түшөт. Жмых — малдын халвасы. Учурда бул тоютка суроо-талап көп болууда. 1 килограмм тоют 30 сомдон. Ал эми майы 200 сомдон. Быйыл сыгып, майы Бишкекке чейин сатылды.

1 гектар аянтка 35-40 килограмм үрөн себилет. Үрөндүн баасы 65 сомдон. Мындан тышкары, саманы дагы мыкты тоют болот. Боолап алып, майдалап, малга жем кылып берсең болот. Учурда 1 станок менен иштеп жатам. Кудай буюрса дагы 1-2 станок алууга аракет жасап жатам. Бир сааттын ичинде 30-35 килограмм сафлор сыгасың», — деди А.Турдалиев.

Ал эми райондук айыл чарба башкармалыгынын башкы адиси Чыңгыз Баялиев быйыл сафлордун аянтын көбөйтүү пландалып жатканын айтты.

«Алгач Алтынбек Турдалиев айдаган. Ал бул багытты жакшы нукка салып алды десем болот. 2023-жылы район боюнча 55 гектар аянтка сафлор айдалган. Быйыл 60 гектарга айдоону планга киргизгенбиз. Балким мындан ашык дагы айдалышы мүмкүн. Учурда сафлордун үрөнү кенен. Баасы 65 сомдон сатылууда», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE