Пример HTML-страницы

Ала-Буканын милициясына кат жазган Марсель өзгөчө «сюрпризге» ээ болду

Акыркы жанылыктар

Turmush1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылынын тургуну, 7-класстын окуучусу Марсель Айтназаров Ала-Бука РИИБдин жетекчиси Азенбек Козукеевдин атына кат жолдогон. Анда келечекте тартип сакчысы болууну жана азыртадан форма кийүүнү эңсеп келерин билдирген.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милицияга жазылган кат Ала-Бука РИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы тарабынан колдоого алынып, кат ээси Марсель райондук ички иштер бөлүмүнө конок катары чакырылып, күтүлбөгөн жерден белектер тартууланды.

Алгач Азенбек Козукеев Марселди тосуп алып, өзүнүн иш бөлмөсүнө алып кирип, «Ала-Бука РИИБ» деген жазуусу бар спорттук кийим кийгизип, андан соң өздүк курамга кат ээсин, болочок тартип сакчысын тааныштырды. Ошондой эле, «Милиция кызматкери — тартип сакчысы» аталышындагы видеоролик көрсөтүлүп, Марселге велосипед белекке тартууланды.

Ата-энелер Ала-Бука РИИБдин жетекчилигине жана өздүк курамына ыраазычылыктарын айтышып, оор жана түйшүктүү иштерине ийгилик каалашты.

Андан кийин Марсель милициянын атайын жабдылган унаасы менен үйүнө жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE