Пример HTML-страницы

Ала-Букадагы «Олигарх» кафесинде адам өлтүрүү болгон соң, бир топ жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushАла-Бука милициясы адам өлтүрүүгө жана бейбаштыкка шектүү деп, 6 жаранды кармады. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка карганда, 2023-жылдын 16-январь күнү саат 01:50 чамасында Ала-Бука РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 102 номерине Ала-Бука райондук ооруканасынан чалышып, ошол эле райондун 1995-жылы туулган А.Ш. аттуу тургуну денесине учтуу нерсе менен сайылган жаракатынан улам каза болуп калгандыгын кабарлаган.

Бул факт Ала-Бука РИИБ тарабынан КБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) жана 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, жансыз денеге карата соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Окуя болгон жерге Ала-Бука РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барышып, кароо жүргүзүп, тиешелүү материалдар чогултулган жана окуяга катыштыгы барларды аныктап, тергөөгө камсыздоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган.

Кылмыш иши боюнча окуя Ала-Бука айылындагы «Олигарх» кафесинде орун алгандыгы, анда Ала-Бука районунун 25-30 жаштардагы тургундарынын ортосунда мушташ чыккандыгы жана Самар аттуу баланын бычак шилтеп бир топ адамдарга сайып алгандыгы такталган. Натыйжада 4 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алышып, ооруканага түшкөн жана бирөөсү (А.Ш.) алган жараатынан улам өзүнө келбей каза тапкан.

Аталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүүгө шектүү катарында Ала-Бука районунун 1997-жылы туулган тургуну Ж.С. кармалып, баш коргоо чарасы 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган. Ал эми бейбаштыкка шектүү катарында Ала-Бука районунун тургундары — 1999-жылы туулган Т.Б., 1999-жылы туулган М.Э., 2000-жылы туулган Ж.Д., 1994-жылы туулган Ж.Э., 1994-жылы туулгант М.Б. 15 күндүк мөөнөткө кармалышып, Ала-Бука РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында объективдүү жана толук кандуу тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE