Пример HTML-страницы

Ала-Букадагы келин кайненесине бактын ичинде орун алган окуяны ыйлап айтып бергенден кийин милицияга кабар берилген

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук соту жашы жете элек кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого айыпталган кишини 7 жылга кести.

Айыпталуучу Нурбек (аты өзгөртүлдү) 1981-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган, 41 жашта, билими орто, убактылуу эч жерде иштебейт, ажырашкан, мурда соттолгон. Бул жолу Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (ыплас аракеттер) менен айыпталган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Нурбек 2022-жылдын июль айында жашы жетек элек Гүлзиранын (аты өзгөртүлдү) алсыз абалынан пайдаланып, кучактап, оозунан өөп, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган.

Сот отурумунда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү К.нын айтымында, жабырлануучу — жалгыз уулунун улуу кызы. Окуя болгон күнү келини телефон чалып: «Бир бейтааныш киши подъездге келип, кызыма балмуздак алып берип, үйүбүздүн жанындагы дарактар тарапка алып барыптыр. Ал жерден кызымды зордуктаганга аракет жасаптыр» деп айтып ыйлаган. Ошол күнү милицияга кабар беришкен.

Эртеси небереси айыпталуучу аны дарактар тарапка алып барып, өзүнүн жана кыздын шымын чечип, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап, «экөөбүз жатабыз» деп жерге жаткырууга аракет кылгандыгын, Гүлзира ага каршылык көрсөтүп, качып кетүүгө үлгүргөнүн айтып берген.

К. небереси психикалык жабыркоого туш болгонун, андан чыга албай жатканын, айыпталуучу жабырлануучуга балмуздак алып берип, андан кийин жетелеп, бакка алып кирип кеткенин кошуналар да көргөнүн айтып, айыпталуучуга карата эң оор жаза белгилөөнү суранды.

Жабырлануучунун жактоочусу А.Т.С. айыпталуучуга карата мыйзам чегинде жаза белгилөөнү, жабырлануучунун пайдасына моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 200 000 сом өндүрүүнү суранды.

Сот отурумунда Нурбек көрсөтмө берүүгө макулдугун берип, өзүн күнөөлүү эмес деп эсептерин билдирди.

Айыпталуучунун жактоочусу С.М.А. айыпталуучунун жосунда кылмыш курамы болбогондуктан, кылмыш ишин кыскартып, жоопкерчиликтен бошотууну суранды.

Сот жабык өттү. Өкүмдүн уландысын окуу үчүн АКИpress’ке катталыңыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE