Turmush — Түндүк—Түштүк альтернативдик унаа жолундагы «Көк-Арт» тоннели расмий түрдө 2024-жылдын 31-августуна толугу менен аяктап ачылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарына жасаган жумушчу сапарында билдирди.
Акылбек Жапаров Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагынын Теплица аймагында Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын №53 мекемесинин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Ошондой эле ал Жалал-Абад шаарында жайгашкан Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №10 түзөтүү мекемесинин имаратын бузуу иштерине күбө болду.
Анда ал альтернативдүү жол Жалал-Абад шаарынын да соода-экономикалык өсүүсүнө чоң кадам болоорун белгиледи.
«Бул жол толугу менен ишке кирсе, Жалал-Абад шаары тогуз жолдун томунда болот. Биз Жалал-Абад шаарын экинчи экономикалык шаарга айлантабыз деп жатабыз. Жолдун бүтүүсү шаардын өнүгүүсү үчүн да эң сонун кадам болуп калат. Айти борбору ачылганы турат. Жалал-Абад коопсуз шаар болуусу мамлекет үчүн өтө маанилүү болот», — деди ал.
—————————————————-
2023-жылдын август айынын аягында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги узундугу 3890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелин түндүк жана түштүк тарабынан казуу иштери аяктаганын билдирген.
Тоннелди бекемдөө иштери уланууда.
Бул тоннель Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун куруу долбоорунун алкагында казылып жатат.
Тоннель Тогуз-Торо менен Сузак райондору чектешкен жерде, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 334-338-чакырымдарында, Казарман—Жалал-Абад жолунда жайгашкан.
Тоннелдин узундугу — 3890 метр, туурасы — 10 метр, бийиктиги 8,5 метрди түзөт.
Тоннелден карама-каршы келе жаткан оор жүк ташуучу унаалар тыгын пайда кылбастан эркин өтө алышат.
Долбоордун баасы — 136 миллион долларды түзөт. Жумуштарды толук бүтүрүү 2024-жылдын аягына пландалууда.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.