Пример HTML-страницы

Аксыда 34 жыл мурда бүтпөй калган оорукана кайрадан курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы 34 жыл мурда курулушу токтоп калган оорукананын имаратынын курулушу жанданды. Бул тууралуу Turmush басылмасына айыл аймактын башчысынын орун басары Ырысбек Бабаназаров билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштери жыл соңуна чейин аягына чыгат.

«Үч-Коргон айыл аймагындагы Расулбек Батырбеков атындагы оорукана 1947-жылы пайдаланууга берилген. 1990-жылы бейтапкананын кошумча корпусунун курулушу башталып, бирок ал кезде союз тарап, каражат жок курулуш токтоп калган. 2 кабаттан турган турган имарат дээрлик 34 жылдан бери каражаттын тартыштыгынан бош туруп калган. Бирок 2023-жылы курулушу кайра жанданды. Ал үчүн акча каралып, 30 орундуу имараттын сметалык баасы 37 млн сомго бааланды. Ушул тапта имараттын ички шыбак иштери аяктап, эшик-терезелери орнотулуп бүттү. Быйыл жыл соңуна чейин толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет», — деди Бабаназаров.

Сөз болуп жаткан 50 орундуу бейтапканада хирургия, терепия, балдар бөлүмү, жугуштуу оорулар бөлүмү жана төрөт бөлүмү бар.

Буга чейин оорукананын корпусунун курулушун «Эрэдан» ЖЧКсы жүргүзүп жатканы белгилүү болгон.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Эрэдан» ЖЧКнын жетекчиси жана түзүүчүсү катары Бабакулов Алмазбек Манасбекович көрсөтүлгөн. Компания 2019-жылы 7-июнда кайра каттоодон өткөн. Ишкана имараттарды жана турак үйлөрдү куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE