Пример HTML-страницы

Аксы окуясында курман болгондорду эскеришти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылы орун алган коогалаңда каза болгондор эскерилди.

Эскерүү иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Замирбек Сыдыков, район тургундары жана каза болгон жарандардын жакындары катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус жетекчиси Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары бааланарын белгиледи. Курман болгондордун эрдиги эч качан унутулбастыгын айтты.

Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө маркумдардын элесине арналып орнотулган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.

2002-жылдын 17 мартында орун алган коогалаңда Аксыда 6 киши окко учкан.

Алар:

— 1971-жылы туулган Бегалы Четинбаев;

— 1957-жылы туулган Сатинбай Уркунбаев;

— 1965-жылы туулган Кадыркул Сапаралиев;

— 1977-жылы туулган Советбек Тагаев;

— 1979- жылы туулган Эльдар Кеметалиев;

— 1951-жылы туулган Медетбек Муратов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE