Пример HTML-страницы

Ак-талаалык балбан Калмира Билимбекованын ийгиликтери

Акыркы жанылыктар

TurmushЭркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Калмира Билимбекованын спортко келишине атасы себепкер болгонун айтты. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Калмира Билимбекова Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында 2003-жылы туулган. Спортко келген алгачкы күндөрү тууралуу сөз кылды.

«Мен Баетов айылдагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 9-класска чейин билим алдым. Андан соң, Бишкек шаарындагы юридикалык колледжде окуумду улантып, быйыл аяктадым. Быйыл жогорку окуу жайга тапшырдым.

Атам эркин күрөш боюнча машыктыруучу болгондуктан, спортко келишиме, тактап айтсам эркин күрөш менен машыгып калышыма себепчи болду. Биздин райондо күрөшкө кызыккан кыздар жокко эсе болгондуктан, 6 жашымдан баштап балдар менен күч сынашып келдим. Ал эми эл аралык мелдештерге чыгып баштаганыма 5 жылдын жүзү болду. Эң биринчи жолу Казакстанга чыктым. Андан 1-орунду алып келгем. Күрөшкө барган күндөн баштап азыркы күнгө чейин ата-энем, бир туугандарым жана кыргыз элим колдоп келет», — деди ал.

Каарманыбыз спорттогу кыйынчылыктар тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

«Кыйынчылыктар ар жерде, ар бир тармакта бар. Спортчулардын көбү жаракат алышат. Даярданып жүрүп, мелдешке чыгарда жаракат алып калсак, көп эмгегиң текке кеткендей болуп жаман болобуз. Бирок ага карабастан өзүбүзгө тез келгенге аракет кылып, машыгууну токтотпой улантып, килем үстүнө тез кайтып келебиз. Күрөш мен үчүн хобби гана эмес, сүйүктүү кесибим болуп саналат.

Кошумчалай кетсем, азыркы тапта жаш спортчулар көбөйүүдө. Бирок, алар эл аралык мелдештерге чыгууда каражат жагынан кыйналып, спортту таштап коюшат. Эгерде аларга демөөрчү болуп бере тургандар көп болуп, колдоо көрсөтүлсө, мекенибиздин желегин алыска дагы да көп желбиремек», — деди ал.

Калмира Билимбекованын жетишкен ийгиликтери:

— 2014-жылы III эл аралык мелдеште алтын медаль;

— 2015-жылы К.Изабековдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште алтын медаль;

— 2016-жылы Кыргыз Республикасынын биринчилигинде алтын медаль;

— 2017-жылы Кыргыз Республикасынын биринчилигинде алтын медаль;

— 2017-жылы Украинада өткөн эл аралык мелдеште күмүш медаль;

— 2017-жылы Р.Санатбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште алтын медаль;

— 2017-жылы Кыргыз Республикасынын жаңы жылдык эл аралык мелдешинде алтын медаль;

— 2018-жылы Кыргыз Республикасынын биринчилигинде алтын медаль;

— 2018-жылы Белоруссия өлкөсүндө өткөн «Медвежонок» эл аралык мелдешинде күмүш медаль;

— 2018-жылы Кыргыз Республикасынын биринчилигинде алтын медаль;

— 2018-жылы Ташкент өлкөсүндө өткөн Азия биринчилигинде 4-орунду;

— 2018-жылы Хорватияда өткөн Дүйнө чемпионатында 5-орунду;

— 2019-жылы Кыргыз Республикасынын биринчилигинде алтын медаль;

— 2019-жылы Болгарияда өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш медаль;

— 2019-жылы Россияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль;

— 2021-жыл Түркияда жаштар арасында өткөн эл аралык мелдеште күмүш медаль;

— 2021-жыл Уфа шаарында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль;

— 2021-жыл Россияда өткөн мелдеште алтын медаль алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE