Пример HTML-страницы

Ак-Талаадагы түшүм майрамда мыкты жорголор жана күлүктөр аныкталды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунда улуттук ат оюндарынын коштоосунда түшүм майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.+

Маалым болгондой, майрам акимчилик жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, анда Баетов айылындагы «Бермет-Жал» ат майданында көк бөрү, кунан чабыш, жорго салыш, эр эңиш жана кыргыз күрөш боюнча мелдештер өткөрүлдү. Мелдештин жалпы байге фонду 95 миң сомду түздү. Саамалыктын жүрүшүндө, бир катар дыйкандарга, фермерлерге, механизаторлорго тиешелүү мекемелердин сыйлыктары ыйгарылды.

Мелдештердин жыйынтыгы:

Кунан чабыш боюнча:

— 1-орун — Тоголок Молдо айылынын тургуну Эркинбек Соңкөлбековдун Искра аттуу кунаны;

— 2-орун — Нарын районунун Ак-Кудук айылынын тургуну Отунбек Абыкановдун Атаман аттуу кунаны;

— 3-орун — Тоголок Молдо айылынын тургуну Элдияр Мүдүновдун Момункашка аттуу кунаны ээледи.

Жорго салыш боюнча:

1-орун — Тоголок Молдо айылынын тургуну Бердибек Эсенбаевдин Актаноо аттуу жоргосу;

— 2-орун — Кара-Бүргөн айылынын тургуну Таалайбек уулу Хамзаттын Намыскөк аттуу жоргосу;

— 3-орун — Кара-Бүргөн айылынын тургуну Таалайбек уулу Хамзаттын Көкжорго аттуу жоргосу ээледи.

Аламан күлүк боюнча:

— 1-орун — Терек айылынын тургуну Карыпбек Дыйканбаевдин Акбешим аттуу күлүгү;

— 2-орун — Жаңы-Талап айылынын тургуну Рахатбек Үсөновдун Чарз аттуу күлүгү.

Көк бөрү боюнча;

— 1-орун — «Тоголок Молдо» командасы,

— 2-орун — «Баетов» командасы,

— 3-орун — «Куртка» командасы.

Мындан тышкары эр эңиш жана кыргыз күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE