Пример HTML-страницы

Ак-Талаада 5 баладан жугуштуу оору аныкталган. Иммунолог илдет тууралуу айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда балдар арасында кызамык илдети катталды.

Ак-Талаа райондук жалпы дарыгердин практикалык борборунун иммунологу Тахмина Исхакованын айтымында, август айынын башында Жаңы-Талап айылындагы бир үй-бүлөдө, андан кийин Коңорчок айылында, жакында Баетов айылында балдардан кызамык оорусу аныкталган. Жалпы 5 учур катталды.

«Жаңы-Талап жана Коңорчок айылында кызамык илдети катталып, өз убагында байланышта болгондор аныкталып, башкаларга жуктурбоо шарттары аткарылган. Учурда алар илдеттен айыкты, бирок биздин көзөмөлдө болуп жатышат. Жакында Баетов айылында бир бала илдет жуктуруп алган деп шектелип, анализдери жөнөтүлгөн. Анализдин жыйынтыгы азырынча келе элек», — деди ал.

Тахмина Исхакова кызамык оорусунун алдын алуу, анын болтурбоо үчүн бала бакчаларда ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

«Кызамык абдан жугуштуу оору, аба аркылуу жугат. Кызамык оорусунун вирусу абада 2 саат жашайт. Өзгөчө кыш жана жаз мезгилдеринде, тактап айтканда муздак абада өөрчүйт экен. Бул оору алгач сасык тумоо сыяктуу болуп башталып, мурундан суу куюлуп, көздөн жаш агып, ич өтөт, дене табы 40 градуска жетип, ал тургай мындан дагы көбүрөк болуп кетет. Бул биринчи белгилери.

Ал эми экинчиси белгиси — денесине исиркектер чыга баштайт. Эгер балада ушундай белгилер байкалса, аны ооруканага алып келбей, дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыш керек. Тез жардам унаасы менен жугуштуу оорулар боюнча дарыгер барып, текшеришет. Кызамык аныкталса, жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарылашат», — деди Исхакова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE