Пример HTML-страницы

Ак-Суудагы үрөй учурган өлүм боюнча мекеменин жетекчиси үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунда жайгашкан аялдардын психоневрологиялык жатак үйүнөн 6-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан Г.Ө.нүн жансыз денеси кандай жагдайда табылгандыгы тууралуу мекеме жетекчиси Уран Мырзалиев Turmush басылмасына айтып берди.

Анын айтымында, жоголгон Г.Ө.нүн жансыз денеси бакта асылып тургандыгын психоневрологиялык жатак уйүнүн кызматкери көргөн.

«Ал бизге келип асылып турат деп айтты. Ошол учурда эле милицияга, прокуратурага билдирдик. Карагай 6-7 жылдык, чытырман болгондуктан мындай караганда көрүнбөйт экен. Түбүнө барып карасак, өйдө чыгып, өзүнүн жоолугуна асынып алган экен. Милиция түшүрө албагандыктан өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлерин чакырып, карагайды бутап, анан алып түшүштү. Биздин мекеменин аянты 1.5 гектарды түзөт. Бизге тиешелүү жерди караганбыз, милиция да карап издеди. Алар ажаткана жана мекемеден чыккан саркынды суулар чогулган жайга (септик) түшүп кетиши мүмкүн дегендиктен, аны да сордуруп издегенбиз. Маркумдун сөөгү Каракол өлүкканасына жиберилип, кароо жүргүзүлгөн учурда эч кандай денесинде көгала болбогондугун жана кылмыштын белгиси байкалбаганын айтышты. Маркумдун сөөгү жакындары Чүй облусуна алып кетишти», — деди Уран Мыралиев.

Аталган психоневрологиялык жатак үйүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 200дөн ашык айым дарыланып келет.

  • 10-апрель күнү Ак-Суу районунда жайгашкан аялдардын психоневрологиялык жатак үйүнөн 2023-жылдын 6-февралында дайынсыз жоголуп, издөөдө жүргөн бейтаптын жансыз денеси табылган.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунан билдиришкендей, дене бул мекеменин аймагында жайгашкан даракка асылып турган жеринен табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал 2 айдан ашык убакыт илинип турган.

Улуттук борбордун кызматкерлери жана эксперт Ак-Суу районунда жайгашкан аялдардын психоневрологиялык жатак үйүнө барып, мекеменин жетекчилиги жана маркум менен чогуу жашаган жарандар менен жолугуп, окуя болгон жерди карап чыгышкан.

Тергөөчүнүн айтымында, өлүм боюнча иш козголуп, учурда экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө.

Буга чейин Turmush басылмасы Ак-Суу районунда жайгашкан аялдардын психоневрологиялык жатак үйүндө дарыланып жаткан Г.Ө. изделип жаткандыгын жазган. Бейтап 1970-жылы туулган. 2008-жылдан бери аталган мекемеде дарыланып келген.

«Аталган жай жабык мекеме болгондуктан кароолчу бар. Видеокамераларды карасак, эч жакка чыгып кеткен эмес. Дарыланып жаткан айымдар «үйүмө кетем деп жүргөн» дешти. Жакындарын Чүй облусунан таап, сураштырсак аларга барбаганын айтышты», — деген Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Тилек Түлөжанов.

Ал эми психоневрологиялык мекеменин жетекчиси Уран Мырзалиев төмөнкүлөргө токтолгон.

«6-февраль күнү кечки тамактанууда Г.Ө. жок болчу. Аны издеп, райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылдык. Милициянын божомолу боюнча, Г.Ө. дубалдан секирип өткөн. Чынында биз үчүн күтүүсүз жагдай болду. Жакындары бир да жолу бул жакка келип, кабар алышкан эмес», — деген Мырзалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE