Пример HTML-страницы

Ак-Суу районунда суу топтоочу жай жана каналдар тазаланып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунда жазгы сугат иштерине даярдыктар жүрүп, суу топтоочу жай жана каналдар тазаланып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Нурзат Калиев билдирди.

Маалым болгондой, район аймагында суу топтоочу бир жай, 224 чакырым канал жана 84 чакырым ички чарбалык арыктар бар.

«Биз жазгы сугат ишине даярдыктарды январь айынын башында баштаганбыз. Учурда Тепке, Курбу, Чолпон жана Каракол айылдарын сугат суу менен камсыз кылчу суу топтоочу жайдын 50 пайызы тазаланды. Кар жаап калгандыктан иш убактылуу токтоп калган. Учурда каналдарды да тазалоо иштери башталды. Ал үчүн 4 техникалар иштеп жатат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE