Пример HTML-страницы

Ак падышага баш ийбей, дайынсыз жоголгон Көкүбай Торпок уулу

Акыркы жанылыктар

TurmushКөкүбай Торпок уулу Арык тукуму уруусунун ичиндеги Ондон уругунун Буруч тобунан болот. Буручтун Маймурат деген уулунан Торпок, Эсенаман, Ташке, Төлөгөн деген төрт уул. Торпоктон Көкүбай.

Көкүбайдан Шааке, Мааке, Тайып деген 3 уул болот. Шаакеден: Касий, Касийден, Бекеш. Бекештин уулу Касиев Талантбек Каракол шаарында жашайт. Акын ыр жазат. Каракол шаарынын мериясынын № 5 муниципалдык аймактык башкармалыгын жетектеп келе жатат.

Көкүбай Россия падышачылыгы кыргыз жергесин өз чеңгелине ала баштаган, оомалуу-төкмөлүү, бөрү этектен, жоо жакадан алып турган заманда жашады. Ал жашаган учурда көл калаасындагы Бугу кыргыздарынын султандыгы Боромбайдан Өмүрзакка, Өмүрзактан Чыныбайга өтүп, укук талашып, уруучулдук ырбап турган.

Көкүбай Ак-Суунун Ак-Булагында сырт жайлоолорунда көчүп-конуп жүргөн экен. Эл-журт үчүн кызмат кылып, тѳрт жолку шайлоодо эл колдоп, болуштукка шайланган. Сырт ѳрѳѳнүндѳ жол чаап, сарала ташты кѳѳрүк бастырып, Түргѳн тегерегинен ташты жардырып, Эңилчек ѳрѳѳнүнѳ жол салган. Ал Кыдыр аке менен замандаш, курбалдаш болгон. Ал кезде элди Көкүбай менен Кыдыр аке алмак-салмак кезектешип бийлечү экен. Ал учурларда кыргыз уруулары биринин малын бири чаап алган, күчтүү уруулар алсыздарга зордук кылган, коогалуу заман болгондуктан Көкүбай Ондон айылы боюнча кырк жигит күтүп, жигиттерин кароолго коюп, эл-жерин коргоп турган. Көкүбай мал-жандуу болгондуктан Каракол губернаторунун алык-салыгына чыдабай, эл жеткис жерге алыстап кетүүнү максат кылат. Эл жетпеген ажайып тоо катмары Көйкап деген жерге айылдаштары жана куда-сөөктөрү – Чабалдай уруулары менен көчүп барып, жашап калышат. Көйкап дегендин жолдору эң татаал, ашуулары бийик, жомоктогудай жер экен. Жоодон бекингенге ылайыктуу Чычардын ашуусу деген бир ашуудан башка барчу жол жок жер экен.

Ошентип Көкүбай айылы ушул жерде жайлап, кыштап, бейкапар жатканда Россия падышалыгынын 16 инженери тоолорду картага түшүрүү үчүн келишет. Айылдагы жигиттер алардын ат жабдыктарына кызыгып, тоодон аларды ким көрмөк эле деп тындым кылып салышат. Муну билип калган Көкүбай «Эми орус бизге күн көргөзбөйт. Бекер кылыпсыңар! Эми Кытайга өтүп кетпеске айла жок» дейт.

Ошентип 1891-жылы Көйкаптан көчүүгө туура келет. Ошондо ырчылар минтип ырдаптыр.

Көйкаптан көчтү Көкүбай,

Келин кызын ыйлатып.

Керегесин кыйратып,

Баарын бирдей башкарып,

Башында турган Көкүбай,

Кой кайтарган Казакбай,

Кой тандаган Кийизбай,

Касапчысы Токочбай,

Кароолчусу Түлөбай,

Балка чапкан Ордобай….

Бул ырда аты аталган бирге көчкөн адамдарга токтоло турган болсок, кой тандаган Кийизбай дегени Көкүбайдын малын башкарган жакын тууганы болгон. Касапчысы Токочбай дегени Билдир уругунан болуп, Акызбек, Акызбектен Турдакун, Дүйшөбек, Тилеке деген тукумдары Көк Теректе жашап турушат. Ал эми Балка чапкан Ордобай — бул Көкүбайдын мылтык, капкан жасаган устасы болуптур. Ордобай Ондон ичинде Жыргалбай уруусунан болуп, анын Турдумат деген баласынан Дүйшеке, Текес. Булар да Көк Теректе жашап жатышат. Кароолчусу Түлөбай да жакын тууганы болгон. Ал уйкусуз, сак киши болгон үчүн көбүнчө жылкы күзөтүндө болчу экен. Өзү чоң комузчу болуптур. Бул кишиден Акун 1955-жылы Кытайдан Кыргызстанга кайтып келген. Расул, Жусуп деген балдары азыркы мезгилде Текес, Көк-Терек айылында жана Шаты айылында жашап жатышат.

Мындан сырткары пикирлеш туугандары Жандай, Жакшылык белдүү жигиттеринен Соку, Түкө, Чабалдай, кудаларынан Арзыбек, Өзүбек, Казыбек, Усуп, Жыртак, Түгөл деген көзгө атаар мергендери болгон. Алар көчүп олтуруп Шинжаңдын Үч-Турпан жайлоосуна келишет. Бул жерде эки-үч жыл тургандан кийин Муз дабанды ашып, Текестин Кан Жайлак жайлоосуна келишет. Ал жердеги монгол-калмактар менен чогуу бир жайлоодо жашап турушат. Ал жерде бир жыл кыштап, Эрменти Сайкал деген жайлоолорун кыдыра көчүп, Камыр дабанды ашып, Коңур-Булак деген өзөнгө келип, андан Агыяз өзөнүн өрдөп, Көк-Өзөн жайлоосуна келишет. Андан Боз Адырдын какшаалына көчүп, андан азыркы Көкүбайдын көк текчеси аталган жерге, Көк-Суунун ичине келсе, ал жерде жыйырма түтүн монгол жашайт экен. Аларды Көкүбайдын жигиттери сабап, кубалап жиберет. Көк-Суунун ичиндеги жайлоолор кенен болуп, Көкүбайдын койлору жети миңден ашып, кыштап, жайлап калышат. Кулжага мал айдап, соода кылып келип турушат. Көк-Суунун ичиндеги Арпа Салкын деген жерге арпа айдап, нан-талканын өздөрү камдап алып турушат. Кѳкүбай атанын аты күлүк болгон дешет. Себеби Кытайдагылар ал атты укканда сѳзсүз байгени алат деп ишенишкен экен. Кытай тарапта ат чабыштарда Көкүбайдын аты биринчиликти берчү эмес.

Күндөрдүн бир күнү Соку мергендин уулу Бекбоо аң уулап жүрүп, бир бугуну атат. Бугу жарадар болуп, качып жөнөйт. Бекбоо аркасынан кууп жүрүп олтурат. Жараланган бугу Көк-Сууну өрдөп, Кара-Үңкүр деген жерге качып, бир жардан өтүп, аркы өйүзгө өтүп кетет. Ошентип качып олтуруп Көк-Сайдагы кыштоолукка келип, бир булактын суусуна жаратын тосуп турган болот. Бекбоо жакындап келген кезде, жарадар бугу өйдө карай качып кетет. Суусап келген Бекбоо булактын суусунан ичейин деп, колун салса суу ысык экен. Шарт колун тартып алып, таң калгандан бугуну кууганын токтотуп, айылга барып, болгон окуяны айтып берет. Айыл аксакалдары булак башына ак боз бээ союп, Кудайга сыйынышат. Булактын көзүн ачып, таш тизип, чоңойтуп коюшат. Андан кийин жыл сайын булактын башына мал союп, куран окуп турушат. Тиш оору, баш оору жана башка ооруларды булак суусу менен эмдей башташат.

Кийин кыргыздар кеткенде бул жерге казактар олтурукташып, булакка сыйынышып, булактын үстүн карагай менен курчап, үй салышат. Ошондон кийин бул булак дартка дабаа, илдетке шыпаа Арашан суусу экени байкалат. Азыр бул өрөөн Көкүбайдын көк суу арашаны аталып, эс алып дабалануучу курорттук зонага айланган.

Көкүбайдын айылы он жылдай Көк-Суу ичинде малдары дүркүрөп өсүп, ээн-эркин жашап турушат. 1900-жылдын башында орус бийлиги, Көкүбайды кубалап кармоого 70 аскерин жиберет. Ал учурда Көкүбай малы төлдөп, төл кызуулугунда жүргөндө орус аскерлери курчап калат. Анын жети миң коюн аткылап кырып, короо ичи канга боёлот. Көкүбайды үй-бүлөсү менен бүт кармап айдап жөнөшөт. Ошол кезде Көкүбайдын туугандары Жакшылык, Жандай бир нече жигиттери Чабалдайлар Какшаалдагы конушунда бейкапар жатышкан. Койчу жигити Түлөөбай качып кутулуп , болгон окуяны айылдаштарына айтып барат. Алар тоого качып жашынып кыргындан аман калышат.

Көкүбай ошол кеткенден кийин эмне болгону белгисиз. Бирок көч баштап келген Көкүбайдын жашап өткөн Кытай жерлеринде анын ысмы сакталып калды. Алсак, Шаты, Агыяз жайлоолорунда Көкүбайдын чоң тозоту, Көкүмбайдын кызыл ташы, Текестин боз адырындагы Көкүбайдын көк текчеси, Көкүбайдын кызыл короосу деген жайлоо, кыштоолор азыр да аталышын жогото элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE