Пример HTML-страницы

Айдаркендеги сымап комбинатта 500гө жакын жумушчу айлык албай, ишкана 200 млн сом карызга батты

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районундагы «Хайдаркан» сымап комбинатынын 500гө жакын кызматкери айлык албай жатат. Бул тууралуу сымап комбинаттын директору Толубай Салиев билдирди.

Маалыматка караганда, комбинат 200 млн сомго жакын карызга батып, 2,5 айдан бери кызматкерлердин айлык маянасын бере албай келет. Ишканада 470тен ашык кызматкер бар.

«Сентябрь айында кызматкерлер 15 миң сомдон аванс алышкан. Октябрь, ноябрь айынын айлыгын алыша элек. Сымап комбинатын иштеткен компания 109 млн сом соцфонддон карыз, 47 млн сом электр энергиясынан жана башка карыздары биригип, 200 млн сомго жакын карызга баткан. Түрктөрдүн компаниясы даяр ишкананы колго алып, иштете албай жатышат», — деди ал.

«Хайдаркан» сымап комбинаты Түркиянын «Дуваташ» ЖЧКсы менен сымап жана флюоритти чогуу казып, иштетүүнү макулдашкан.

2018-жылдын апрель айында тартылган архивдик сүрөттөр

— — — — —

Айлык маяны боюнча маселе аталган комбинатта биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. 2023-жылдын апрелинде «Хайдаркан сымап акционердик коомунун» 600дөн ашуун кызматкерлери 3-апрелге чейин айлык акы төлөнбөсө жумушка чыгууну токтотушарын айтып чыгышкан.

Сымап комбинатын казакстандык ишкерлер 2005-жылы сатып алган. Алар комбинаттын 8 миллион долларлык карызын төлөөгө жана 11 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция салууга убада беришкен. Бирок комбинаттын карызы көбөйүп, жалпысынан 180 миллион сомдон ашык бересе болуп калганы кабарланган. 2016-жылдан баштап комбинатта иш дээрлик аткарылган эмес. 2020-жылы жайында Кадамжай сымап комбинаты Жогорку соттун чечими менен банкрот деп табылган. 2021-жылы түркиялык «Дуваташ» ЖЧКсы менен инфестициялык келишим түзүлгөн.

Юстиция министрлигиндеги маалыматка караганда, «Хайдаркан сымап акционердик коому» ААКтын жетекчиси катары Салиев Тулибай Жанывалиевич көрсөтүлгөн. Мамлекеттин компаниядагы үлүшү 99,98% түзөт.

«Дуваташ» ЖЧКнын жетекчиси катары Волкан Келеш, түзүүчүсү катары «ДУА АЛТЫН МАДЕНДЖИЛИК ИТХАЛЯТ ВЕ ИХРАДЖАТ АНОНИМШИРКЕТИ» («Dua Altın Madencilik İthalat Ve İhracat Anonim Şirketi») АК көрсөтүлгөн. ЖЧК 2022-жылы 19-августта кайра каттоодон өткөн.

2022-жылы февраль айында Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Баткендеги «Айдаркен» сымап комбинатынын иши менен таанышып чыккан. Комбинаттын башкы директору Толубай Салиев комбинатта 400дөн ашуун жумушчу туруктуу иштеп жатканын, толук кандуу ишке кирсе, жумушчулардын саны 1000ге жете турганы күтүлүп жатканын айткан. Буга чейин жылына 1000 тонна руда кайра иштетилип келсе, акыркы 3 айда эле 7 эсе көп руда чыгарылган.

80 жылга жакын аралыкта сымап өндүрүп келген Айдаркендеги комбинат 2015-жылы ишин толук токтоткон. Анткени руда алынган шахталарга суу толуп, каражаттын жетишсиздигинен сымап өндүрүүгө ишкананын алы жетпей калган. Акыркы жылдары инвесторлорду тарткан менен майнап чыккан эмес. Ушул жылдын август айында ата мекендик инвесторлордун жардамы менен комбинат кайрадан жандана баштаган. Аймакта сымаптын 40 жылга жете турган запасы болгондуктан Россиядан тартып, Түркия, Кытай жана Бразилия өлкөлөрүнөн суроо-талап бар.

Сымап комбинаты 1941-жылы Украинадан Айдаркенге көчүрүлүп келген. Мындан чыккан өндүрүш Улуу Ата Мекендик согуш учурунда пайдаланылып, дүйнөдөгү ири ишканалардын катарында болгон. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан тартып мамлекеттик каржылоо токтоп, сымап комбинатынын иши бүгүнкү күнгө чейин солгундай баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE