Пример HTML-страницы

Агай-эжейин, директор жана мигрантты капыстан нес кылган Апал менен Үпөл

Акыркы жанылыктар

Turmush«Эгиздер» рубрикабыздын кезектеги каармандары — Апал менен Үпөл Камалидиновалар. Алар 1991-жылы 21-декабрда жарык дүйнөгө келишкен. Аймактык кабарчы эгиздердин бири Апал менен таанышты.

Окшош кийиндик

— Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз. 1989-жылкы байкебиз бар. Үпөл экөөбүздүн аралыгыбыз 9 мүнөт болгон экен. Атам жумушта болуп, бизди көбүнчө апам караптыр. Азыр өзүм балалуу болуп, апамды түшүнүп отурам. Бизди дагы карап, үй жумуштарына дагы кантип жетишкен деп таӊ берем. Апам бизди бешикке бөлөп, уктатчу экен. «Силер уктаганда, үй жумуштарын жасап алчумун» деп калат. Эгизим экөөбүз окшош кийиндик. Кийимдерибиз окшош болсо да өзүбүздүкүн таанучубуз. Ушуга байланыштуу бир окуя болгон. Жалал-Абаддагы №10 бала бакчада тарбияланып жатканбыз. Бир күнү бала бакчага баратып, жолдун аркы жагына өтпөй туруп калдык. Жумушуна шашып жаткан апам: «Эмне болду, баскыла» деди. Биз тултуӊдап, «экөөбүздүн кийимдерибизди алмаштырып кийгизип койдуӊуз» деп ыйлап баштады. «Эч айырмасы жок, баскыла, жумушка кечигип жатам» десе да болбойбуз. Анан ошол жерден куртка, баш кийимибизди алмашытырп кийгизген. Ошондон кийин «бул кийим кимдики?» деп сурап кийгизип калган. Ошол кезде башкалар эмес, атам менен апам дагы бизди айырмалай албай калышчу.

Дене тарбия сабагындагы бир окуя

— Мектепте дагы кызыктуу окуялар көп болгон. Бизди эч ким айырмалай алчу эмес. Бир жолу дене тарбия сабагында агайыбыз: «Балдар турникке тартынат, кыздар пресс жасайт» деп калды. Мен пресс жасай албачумун. Үпөлгө менин ордума да кирип, пресс жасап койчу деп сурандым. Ошентип ал биринчи кирип, анан кыздардын аягында кайра менин ордума кирип жасап чыккан. Негизи биздин бала кезибиз көбүнчө тай жагыбызда өттү. Анткени атам менен апам иштеп, каникул учурларында бизди таятабыз менен таенебизге көп таштап кетишти. Балалыгымды эстесем ушул адамдар эске түшөт. Азыр алар ыраматылык болуп кетишкен. Таятам эгиз кыздарым деп эки жагына жетелеп жүргөндү жакшы көрчү. Алар Базар-Коргон районунун Карача деген айылынан болушат. Таятам бизди сагынганда, келип алып кетчү. Ал кишилер биз үчүн мыкты кишилер болчу.

«Таанымаксан болуп койдуӊ» деп таарынгандар көп болду

— Ошентип мектепти аяктап, Үпөл медициналык колледждин тиш дарылоо бөлүмүнө, мен ЖАГУнун колледжине модельер-конструктор адистиги боюнча тапшырдым. Студент кезде дагы экөөбүз окшош кийиндик. Бир күнү Үпөлдү издеп калдык. Телефон чалсак өчүк экен. Анан окуган жерине барып издейли дедик. Окуу жайдын дарбазасынан кирсем, көп студенттер турган экен. Баары мени карап калышты. Сүрдөп араӊ бара жаттым. Анан сабактардын жүгүртмөсү каякта илингенин сурадым. Баары таӊ калган бойдон «бул жакта» деп көрсөтүштү. Бир маалда студенттердин айрымдары топурап кирип кетишти. Көрсө, бизди эгиз экенибизди билбеген тайпалаштары Үпөлгө «Сага окшош кыз жүрөт. Жүрү сага көрсөтөбүз» деп алып чыгышканы кетишиптир. Ошондо анын тайпалаштары Үпөлдүн эгизи бар экенин билишкен.

Экөөбүз эки жакта окуп, экөөбүздүн тааныштарыбыз эки башка болуп, бири-бирибиздикин тааныбай кыйналчубуз. Элестетиӊиз, жолдо баратсаӊ эле бир кыз мага карап күлүп, кашын көтөрүп, «кандайсыӊ?» десе, таӊ калып эки жакты карап коем. Анан жаныма келгенде, «кандайсыӊ досум?» дейт. Кийин мындай кырдаалды түшүнүп, тааныбасак да учурашып, анан түшүндүрүп айтчумун. Анткени «учурашпай кеттиӊ, тааныбай койдуӊ» деп таарынган кыздар болгон. Көрүп туруп, көрмөксөн болдуӊ дегендер канча болду.

Эжей менен агайдын тартышы

— Үпөл дагы, мен дагы тайпабыздын старостасы болдук. Бир жолу бир мугалим чакырып: «Күйөөм келет, ушуну берип койчу» деп, колума 30 миӊ сом карматты. Анан күйөөсүнө телефон чалып, «азыр староста кызым берет» деди. Мен анын күйөөсүн тааныбайт болчумун. 1-кабатка түшүп, сыртта күтүп турсам, бир киши: «Староста, сен ушул жерде окуйсуӊбу?» деди. Мен: «Ооба, сиз Мавлюда эженин күйөөсү болосузбу?» деп сурасам, «ооба» деди. «Сизге акча берди» деп, акчаны берип жатсам, «сен бул жерде дагы окуйсуӊбу?» деди. «Ооба» десем, «кантип жетишесиӊ» деп, мага таӊ калган бойдон кеткен. Көрсө ал киши Үпөлдүн окуу жайында сабак берет экен. Анан мен жөнүндө аялынан «бир убакта эки жакта окуп, эки жакта староста болуп, кантип жетишет?» деп сураган экен. Аялы болсо «жөн турчу ай, биздин окуу жайда эле окуйт» деп, экөө тартышып кетишиптир. Анан ал эжейим мага телефон чалып: «Сен бизде окуйсуӊ го, туурабы? Менин күйөөм бизде окуйт деп жатат» деди. «Күйөөӊүз каякта иштейт?» десем, «Медучилищада иштейт» деди. Анда мен: «Эжеке, менин эгизим ошол жакта окуйт. Анын аты Үпөл» десем, күлүп эле телефонду коюп койду.

Шектенген директор

— Окууну бүткөндөн кийин дагы окуялар көп болду. Азыркыга чейин көпчүлүк кишилер бизди айырмалай албай келишет. Үпөл медучилищаны артыкчылык диплом менен аяктап, Жалал-Абаддагы №2 поликлиникада иштеп жатат. Мен дагы окуумду аяктап, бирок модельер-конструктор адистиги боюнча иштеген жокмун. Ошол эле окуу жайдан бухгалтер адистиги боюнча билим алып, бир ишканада иштеп калдым. Бир күнү окуумда сессиям башталып калып, ишкананын директоруна кирип: «Сессиям башталып калды, модулдарыма катышып турайын, саат 11:00дөн 14:00гө чейин уруксат берип туруңуз» деп уруксат сурадым. Эртеӊ менен жумушка келип, саат 11:00гө чейин иштерди бүтүрүп, окуума барып-келип жүргөм. Бир күнү директорубуздун тиши ооруп калып, Үпөл иштеген ооруканага жөнөйт. Ал жерге барса эле ак халат кийип, Апал жүрөт. Таӊ калып, «бул кыз мени алдап, бул жерде дагы иштейт турбайбы» деп, ошол жакта дарыгерлерден мени сураптыр. Алар: «Ооба бул кыз көптөн бери бул жакта иштейт» дешиптир. Анан Үпөл кабинетинен чыгып келе жатса эле алдынан торуп чыгып: «Сен бул жакта эмне кылып жүрөсүӊ?» деп айткан экен. Өзү дагы корсулдап, үнүн бийик чыгарып сүйлөгөн киши. Үпөл чочуп кетип, «мен ушул жерде иштейм» дептир. Анда тиги директор: «Сен бизде дагы иштейсиӊ да» деген экен. Анан Үпөл күлүп эле, «сиз каякта иштейсиз?» десе, «мен баланча ишканада иштейм» деген экен. Үпөл: «Ал менин эгизим Апал. Мен Үпөлмүн» деп айтып, күлүп жиберишкен экен.

Нес болгон мигрант

— Экөөбүз бирге жүрүп көнүп алыптырбыз. Эки башка кесип тандап, эки жакта окуп калганыбызга башында кыйналып жүрдүк. Сабак учурунда бири-бирибизди эстей берчүбүз. Жолуккан сайын «бир эле окуу жайга тапшырсак болмок» дейбиз. Кийин мен турмушка чыгып кеттим. Ал үйдө менсиз калып, кыйналып жүрдү. Ал турмушка менден кийин бир топтон кийин чыкты. Ошол убакта жардамы көп тийди. Балалуу болгондо балдарыӊ да сени айырмалай албай калат экен. Той-топур болуп калганда, кичинекей кыздарыбызды Үпөлгө таштап кетчүбүз. Аны апам деп ойлошчубу, айтор ыйлашчу эмес. Кыздарымдын кичинекей кезинде көп каралашып, багышып калды. Азыр Үпөл бир уулдуу болуп, жолдошу менен Москвада эмгектенет. Москва демекчи. Менин бир тууган кайын эжемдин баласы тиши катуу ооруп, Үпөл иштеген ооруканага барган экен. Эшикти ачып эле кирсе эле мага окшошкон бирөө жүрөт. Ал турган жеринде нес болуп калган экен. «Апал жеӊем Москвага келгенби?» деп эле түшүнбөйм дейт. Үпөл аны карап, «босогого турбай, бери кир» десе, «сиз, сиз…» деп эле сүйлөй албайм дейт. «Сүйлөбөйсүӊбү» десе эле, «сизге окшошкон жеӊем бар» деген экен. Анан Үпөл кайсыл айылдан экенин сурап, мен экенимди билип, түшүндүрүп берген экен. Муну дагы эстеп, аябай күлөбүз.

Эгиздердин артыкчылыгы

— Бизге айрымдар кызыгып, сүрөткө чогуу түшүп алалычы деп калышчу. Анан «эгизиӊ болгон сонун болуш керек. Кандай сезимдер болот?» деп көп сурашчу. Биз: «Эгиз болгон сонун да. Элестет, так эле өзүӊдөй болгон дагы бир адам бар» дечүбүз.

Бала кезибизде ата-энебиз жумуштан келгиче, экөөлөп бир топ жумуштарды бүтүрүп койчубуз. Бирибиз кир жуусак, бирибиз чайкап, бирибиз короо шыпырсак, бирибиз таштанды төкчүбүз. Эгиздердин кол арага жарап калган кезинде ушундай артыкчылыгы да бар.

Үпөл мага караганда ыкчам жана чыйрак болчу. Мен жоошмун. Үпөл бир нерсе жакпай калса, бетке айтып, «чарт-чурт» болуп кетет.

Эгиздердин артыкчылыгы — бирин-бири алыстан болсо да сезип турушат. Үпөл экөөбүз дагы бири-бирибизди сезебиз. Ал ооруса, мен бир кызыктай болуп чыгам. Телефон менен күн сайын сүйлөшүп турабыз. Кокус сүйлөшпөй калсак, кыжалат болуп, уктай албай чыгам.

Учурда жолдошум экөөбүз 4 кыздуу болдук. Мен Сузак районунун Ак-Баш айылынын уулуна, Үпөл Барпы айылынын уулуна турмушка чыкканбыз.

Учурдан пайдаланып ата-энеме да ыраазычылык билдиргим келет. «Балам балалуу болгондо билесиӊ» деген сөз туура экен. Азыр балалуу болуп, алардын тарткан түйшүгүн түшүндүм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE