Пример HTML-страницы

60 жашында студент болгон К.Тагаев жатаканада жашап, неберелери менен тең курактагы балдар менен окуп жатат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы «Нур» колледжинде Калысбек Тагаев билим алууда. Ал катардагы студенттердей эле калаадагы жатаканалардын бирине жайгашып, тамагын өзү бышырып жеп, эки аптада бир үйүнө барып турат.

60 жаш курагында студенттик доорду сүрүп жаткан өзгөчө каарман менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

Калысбек Тагаев Базар-Коргон районунун Арстанбап аймагына караштуу Гумкана айылынын тургуну. Анын билим алуусун жубайы, балдары, туугандарынын баары колдогон. Ал — 4 уул жана 1 кыздын атасы, 10 неберенин чоң ата, таятасы.

Каарманыбыздын атасы, бир туугандарынын көпчүлүгү мугалимдик кесипти аркалаган, тактап айтканда мугалимдердин династиясынан куралган үй-бүлөнүн мүчөсү. Жогорку окуу жайда билим алуу мүдөөсү, көксөөсү күч болгондуктан 59 жашында билим алууга белсенген. Натыйжада ал башталгыч класстын мугалими адистигин тандаган.

«Атам мугалим болгон, илгертеден туугандарым мугалимдик кесипти аркалап келишет. Бул кесипке кызыгуу канымда болсо керек. 12 бир туугандын бешинчисимин. Жашымда “жогорку окуу жайда окубай калдым” деген өкүнүч менде көп болчу. Бир мезгилде окууну сырттан окусамбы деп да ойлодум, каалоом жоголуп кетти. Күндөрдүн биринде сыналгыдан Бишкектеги 70 жаштагы аял окуу жайда билим алып жатканын көрүп калдым. Андан кийин менин баягы «билим алсам» деген ойлорум кайра ойгонду.

Союз мезгилинде 50 жаштагылардын деле окуганын көргөм. “Окусам, билим алсам” деген ойлор жүрөктө акырын өнүп чыкты. Окугум келгенин жакын досторума айта баштадым, алар деле колдошту. Балдарым «кыйналып калбайсызбы?» дешти. Акыры жаштыгымдан жүрөгүмдө жүргөн каалоом үчүн кадам таштадым. Ошентип, 2021-жылы окууга тапшырдым», — деди ал.

Учурда Калысбек ата 2-круста билим алып жатат. Алгач өзүн ыңгайсыз сезип, кол шилтеп да кеткиси келген. Бирок дүйнөсү көксөп келген окуусун ойлоп, өзүн чыйралткан. Жатаканадагы жашоого деле көнүп кетүү оңойго турган эмес.

«Биринчи жолу студенттик билет алганымда башкача кубандым. Бул мен үчүн азыр да кадырлуу. Бирге окуган балдар неберелерим менен тең куракта болгону үчүн өзүмдү ынгайсыз сездим. Алар да менден тартынып жаткандай сезилип жатты. Бир апта ичинде баарына үйрөнө түштүм.

Биринчи келген күнү окуу жайдын жанында линейка болуп жатыптыр. Менден улуурак мугалим студенттерди тартипке чакырып жатты. Мени көрүп, студенттердин биринин атасы окшойт деп коёт. Ичимден “мен деле студентмин” дедим. Бирөөсү «бул ата студент» деп жооп берди, мугалим ага деле көңүл бөлгөн жок. Окуу жайда иштеген мугалимдер өздөрү деле ишенбей, журналды караган учурлар болду.

Үйдө жубайымды, балдарымды жумшап жүрүп көнүп алган экенмин. Жатаканада жашап, өзүмө тамак жасагандан бир аз кыйналып жүрдүм. Азыр үйрөнүп калдым. Этти сууга салып коём, кайнап быша берет. Сууга чыксам да, ашканага барсам да мага кезек берип турушат», — деди ал.

Каарманыбыз окуусуна келбей калган тайпалаштары үчүн да кабатыр болуп турат. Ал баарынын бирдей окууну аяктаса деп каалайт.

«Акыркы күндөрү 2 студент кыз окууга келбей калды. Кабатыр болуп, окуу жайдын директоруна айттым. Ал эки кыз тең сабакка умтулган, зирек кыздар эле. Көп өтпөй бирөөсү кайрадан сабакка келе баштады. «Экинчиси да сабагына кайтсын» деп Жараткандан суранып, бата кылып жатам. Кыз баланын баарын окутуу керек. Окуусун таштап кеткендерди көрсөм жүрөгүм ооруйт.

Билим алуу мен үчүн өтө кадырлуу. Окутуучулар да жакшы. Ар дайым билим алууга, коомдун билимдүү болуусуна — агартуу тармагынын орду зор экендигин тынбай айтып турушат», — деди ал.

К.Тагаев өмүрүндө дагы бир эсте калган күнү 23-февралда белек алганы болгондугун айтат.

«Өмүрүмдө биринчи жолу 23-февралда тайпадагы кыздар белек беришти. Мусулманча бир тарабында куураган дарактын, экинчи тарабында жашыл дарактын сүрөтү түшүрүлгөн китеп, дагы 1-2 нерсе экен. Бир чети ыраазы болсом, «1 сомдон топтоп, окуп жаткан студенттер мага кыйналып белек беришти» деп ойлонуп, кыжаалат боло түштүм. Студент болгон соң, ар бир басканыңа акча керек болот да. Балдарым «акчадан кыйналбаңыз» деп, жардам берип турушат. Ал эми неберелерим «кыйналбай элесизби?» деп телефон чалып турушат. Пайгамбарыбыз Мухаммеддин «төрөлгөндөн кабырга чейин билим ал» деген сөзү бар эмеспи. Билим алуу мен үчүн эч качан кеч эмес», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Эки жылдан бери билим алып жаткан Калысбек Тагаев биринчи жолу 3-апрелден тарта практикалык өндүрүшкө чыкканы жатат. Бул да аны өзгөчө толкундантып жатканын белгилейт.

Тайпалаштарынын айтымында, Калысбек Тагаевдин сабакка болгон жетишүүсү жакшы, жоопкерчилиги жогору жана сабакка өз убагында келет. Окуу жайдын китепканасында көп отурган студенттердин катарын толуктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE