Пример HTML-страницы

34 жашында турмуш куруп, 3 жылдын ичинде 4 балалуу болгон Мээрим Бакированын кызыктары

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл районунун Тамчы айылынын 44 жаштагы тургуну Мээрим Бакирова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылында төрөлгөм. Орто билимдүүмүн. Турмуш жолуна 34 жашымда аттандым. Анда сөз башынан болсун.

Жолдошум экөөбүз 2011-жылдын май айында Москва шаарында таанышканбыз. Сүйлөшүп, достошуп жүрүп баш коштук. Мен Москвага жаңы барганда, метрону такыр билчү эмесмин. Жолдошум Максат мени жумушума жеткирип коюп, андан ары өзүнүн ишине карай шашылып жөнөйт. Күндөрдүн биринде ээрчишип алып метрого келдик. Поезд келе жатса, «Сен өзүң кете бересиңби. Менин чукул жумуштарым чыгып калды» деп мени калтырып койсо болобу. Менин эки көзүм алайып, эмне кыларымды билбей тура бердим. Алгач эмнегедир коркуу сезимдери курчап алды. Анан чыйрала түштүм да, поездге түшүп алдым. Кечинде жумуштан кайтарда да адашып отуруп, үйдү араң таап бардым. Көрсө жолдошум мени үйрөнсүн деп, атайын жалгыз таштап коюптур. Мени менен коштошуп кеткенден кийин бир кычыктан мени карап туруптур. Азыр ошол күндөрдү эстеп алып күлөбүз.

Жолдошум мени көп эле тамашаларга салып жүрдү. Жаңы келин болуп барганда, кайнилеримди кайнагаң болот деп, жүгүндүргөнү эсимде. Мен билбей эле анын инилерине жүгүнө бериптирмин. Кийинчерээк жолдошум менен жакын кайнагам үйгө келип калышты. Жолдошум: «Ой кайнагаң келди жүгүнбөйсүңбү» десе, «Жоголчу. Алдап жүгүнтө бересиңби» деп ары карай басып кеткем. Көрсө чын эле кайнагам болот экен. Кийин ошол кайнагамдын бетине карай албай, көпкө чейин уялып жүрдүм», — деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөсү жөнүндө айтып берди.

«Жолдошум Максат Мамбетакунов 1977-жылы Ысык-Көл районунун Тамчы айылында төрөлгөн. Учурда Москва шаарында эмгектенет. Мага сүйүктүү жар, балдарына камкор ата. Мүнөзү абдан жакшы, ак көңүл, кичи пейил, адамгерчиликтүү.

Учурда 1 уул жана 3 кыздын ата-энесибиз. Улуу кызыбыз Мадина 8 жашта, уулубуз Нурдөөлөт 6 жашта. Ал эми эгиз кыздарыбыз Хадижа менен Хамида 5 жашка чыгышты. Мадина 2-кластта окууса, калгандары бала бакчага барышат. Өзүм бош убактымда тикмечилик менен алектенем. Менин жашоодогу эң негизги максатым — балдарыма жакшы тарбия берүү жана жолдошума түшүнүктүү жана сүйүктүү жары болуу», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE