Пример HTML-страницы

2023-жылы «Каракол» токой чарбасында кандай иштер аткарылды?

Акыркы жанылыктар

Turmush«Каракол» токой чарбасынын аянты 71180,8 гектарды түзөт жана 6 токойчулукка бөлүнөт. 2023-жылы токойчулукта бир катар алгылыктуу иштер аткарылгандыгын аталган чарбанын жетекчиси Дюшенбиев Нурсалбек Токтосунович билдирди.

«Каракол» токой чарбасында көчөт отургузуу иштери боюнча планда 45,00 гектар болсо, план толук аткарылды.

«Биздин «Каракол» токой чарбасында 2023-жылы отургузулган көчөттөрдүн 23,69 гектар аянты тикенек зымдар менен курчалып бүттү. Анын жыйынтыгы менен көчөттөр корулган жерде айдалды десек болот. Себилме көчөттөрдү өстүрүүгө баардыгы 0,312 гектар жерге токой жыгачтарынын үрөндөрү себилди. Ал эми эгилме көчөттөрдү отургузуу иштери боюнча 0,516 гектар жерге баардыгы 22 миң 24 түп ар кандай жыгачтардын көчөттөрү отургузулуп, берилген пландан ашыгы менен аткарылды», — дейт ал.

Көчөттөрдү отургузууда «коробка» ыкмасы жакшы жыйынтык берүүдө. Бул учурга чейин үрөн чыгымга учурап келген.

«Жыгачтан жасалган коробканын үстүнөн сетка жабуу менен чымчыктардан коргоонун аркасында себилме көчөттөрдүн өнүмү 95 пайыздан ашты. Токойчулар чын эле чымчыктар уруктарды жеп жүрүшкөнүнө ынангандыктарын айтышты. Келерки жылы да баардык токойчулуктарда колдонууга даярдык көрүлүүдө.

Жыл сайын урук себүү иштери май айынын аягында жасалып келсе, 2024-жылы апрель айынын аягында себүү пландалууда. Себеби коробканын ичинде уруктар үстүндө жабылган сеткадан өткөн жылуулуктан эрте өнүп, вегетациялык мөөнөт узак болуусуна шарт түзүлөт. Быйылкы жылы үстүнө жабыла турган сеткаларды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан көлдүн акваториясынан кармалган балык кармоочу торлорду жабуу пландалууда. 2024-жылы жалпы өстүрүлгөн көчөттөрдүн бир жылдык санын 1,5 миллион түпкө жеткирүүгө токой чарбанын дарамети жетерин белгилейбиз», — дейт ал.

Быйылкы жылы эгилме көчөттөрдү өстүрүүдө жаңы ыкма колдонуп, иш убактысын жана жумуш күчүн кыскартууга жетиштик. Тактап айтканда, эгилме (мектеп) бөлүмүндө «Агровлокно» төшөлүп, себилме көчөттөр отургузулган.

«Эгилме көчөттөр 0,516 гектар жерге — баардыгы 22 миң 24 түп ар кандай жыгачтардын көчөттөрү отургузулуп, берилген пландан 103 пайыз ашыгы менен аткарылды. Күзгү инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча, отургузулган көчөттөрдүн өсүшү жогорулагандыгы байкалган. Отоо жана сугаруу иштери 6-8 эсе кыскарталып, көчөттөрдү өстүрүүгө жумшалган эмгек күчү кыскарган. Бул ыкмада биринчиден отоо чоп чыкпайт, экинчиден нымдуулук сакталат.

Мурунку жылдагыдан дагы быйылкы жылдын көчөттөрү жакшы өскөндүгү байкалды. Себеби кетмен менен отогондо 10 пайызга жакыны тамырына доо кетип, же убагында отолбой калса, чөбүн жулганда дагы бир канча пайызынын тамырына доо кетчу. Быйыл ар бир токойчулукка 0,05 гектар жерге агроволокно алынып берилген. Питомникте иштеген жумушчулардын белгилешинче 2023-жылы отургузулган эгилме көчөттөрдүн өсүшү 2022-жылга салыштырмалуу баардык жагынан жогору болгон. 2024-жылы баардык токойчулуктар боюнча агроволокно алып берүү планда бар», — дейт Нурсалбек Дюшенбиев.

Жаңы ыкма менен отургузулган көчөттөр боюнча атайын окуулар өткөрүлүп, жашыл зонаны көбөйтүү жана жаратылышты сүйүү боюнча окуулар өтөрү пландалууда.

«Экме токойлорго отургузула турган эгилме көчөттөрдү жабык тамыр системасы аркылуу отургузуу иштери 2023 жылы тажрыйба иретинде отургузулду. Бул тажрыйба аркылуу эгиле турган көчөттөр атайын идиштерге отургузулуп, бир же эки жылдан кийин экме токойлорду отургузууда өнүмдүүлүгү жогору болот аз жер аянтына көп көчөт өстүрүүгө болот.

Жогорудагы иштер боюнча социалдык тармактарда — Фейсбук жана Инстаграммда кеңири баяндалган. Бул боюнча социалдык тармакты колдонуучулардын жакшы ой-пикирлерди айтып, тажрыйба бөлүшүү боюнча сунуштарын эске алып, март апрель айларында атайын семинар-тренинг өткөрүү пландалууда», — деди ал.

Бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу иштери аныкталып, келтирилген чыгым 150 миң сомдон ашты.

«2023-жылы жыл башынан бери «Каракол» токой чарбасынын токой кыдырмаларынан мыйзасыз кыюуларга 40 материал түзүлүп, жалпы бак-дарактар 228 түп, жалпы көлөмү 82,62 чарчы метр болуп, келтирилген зыян 152 миң 225 сомду түзгөн. Мыдан сырткары, Түргөн токойчулугундагы Сары-Жаз өрөнүндө жайгашкан “Сары-Жаз Минерал» компаниясы тарабынан жер кыртышы бузулуп, келтирилген зыян 422 миң 400 сомду түзгөн. Токойду коргоо боюнча 30 жылкыбыз бар. Муну менен токойчулар кайтаруу иштерин жүргүзөт», — дейт Нурсалбек Дюшенбиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE