Пример HTML-страницы

2 балалуу адамдын эртең мененки кылмышы

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак райондук соту айылдашын бычак менен сайган адамга карата өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучу ким?

Айыпталуучу Рашид (аты өзгөртүлдү М.Р.) Сузак районундагы айылдардын биринде туулган. Аялы менен ажырашкан, 2 баланын атасы. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (ден соолукка оор залал келтирүү) менен айып тагылган.

Кылмыштын чоо-жайы:

Тергөөнүн маалыматына караганда, Рашид 2022-жылдын 30-июль күнү саат 09:00 чамасында айылдашы Эмир (аты өзгөртүлдү Э.М.) менен өз ара сөз талаша кетип, аны бычак менен ичке бир жолу сайып жиберген. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык Эмир оор жаракат алганы такталган.

Рашид эмне дейт?

Сотто Рашид коюлган айыбын толугу менен мойнуна алды. Ал 2022-жылдын 29-июль күнү саат 21:00 чамасында айылдаш иниси Эмир менен жолугушуп, экөө арак ичишкен. Түнкү саат 01:00 чамасына чейин чогуу болуп үйлөрүнө кетишкен. Ошондо Эмир анын велосипедин үйүнө тээп кеткен. Эртеси 30-июль күнү эртең менен турса велосипеди жок болгон. Ошол себептен Эмирдин үйүнө барып велосипедин сураса ал оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жиберген. Ошондо жини келип чөнтөгүндө жүргөн аш бычак менен аны бир жолу сайып салган.

Ал буга катар эле Эмирди эч кандай өлтүрүү максаты болбогонун, мас абалдөзүн н билбей сайып алганын айтып жеңил жаза белгилөөнүн суранды.

Эмир эмне дейт?

Сотто жабырлануучу Эмир маалымат берди. 2022-жылдын 30-июль күнү таңкы саат 05:00 чамасында Рашид мас абалда үйүнө келип ойготуп, «арак барбы же болбосо аракка акча берчи» деп сураган. Анан ага үйүндө турган 200 граммдай аракты алып чыгып куюп берген. Рашид саат 08:30 чамасында кайрадан үйүнө келип, аны чакырган. Ал жолго чыкканда Рашид өтө мас абалда болуп, эч нерсе деп сүйлөбөстөн же учурашпастан туруп эле колундагы аш бычагы менен ичине бир жолу сайып туруп, артына бурулуп качкан. Ошол жерде ичим деп кыйкырып, ичин кармап отуруп калган. Үйгө келген бир тууган акеси Сузак райондук ооруканасына алып бара жатканда жолдо өзүн жоготуп койгон. Өзүнө келсе арадан 3 күн өтүп, Сузак райондук ооруканасында жаткан.

Ал Рашидге эч кандай доосу жок экенин, ошол себептен арыз жазуудан баш тартканын айтып, азыркы учурда ден соолугу жакшы болуп калып калганын билдирди.

Соттун өкүмү:

Сот 2022-жылдын 8-декабрында иштин материалдарын карап чыгып, Рашидди Кылмыш-Жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү (ден соолукка оор зыян келтирүү) айыптуу деп таап, 5 жылга эркиндигинен ажыратты. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленди. Буюм далил катары окуя болгон жерден алынган «King of Kilchca» деген жазуусу бар аш бычак жок кылынсын. Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүн ичинде Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык даттануу берүүгө укуктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE