Пример HTML-страницы

13 жолу операция болгон Темирлан спорт менен машыгып, дүйнө кыдырууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Алмалуу айылынын 20 жаштагы тургуну Руслан уулу Темирлан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран. Бирок, ага карабастан пара пауэрлифтинг менен машыгып, дүйнөлүк мелдештерде ийгилик жаратууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«3 жашыман тарта Нарындын Ак-Талаа районунда таенем, таятамдын колунда өстүм. Ата-энем кичинекей кезимде эле Россиянын Москва шаарына кетишкен. Азырынча бойдокмун. 1997-жылы туулган байкем бар.

Төрөлгөндө эле эки жамбашым чыгып кеткен экен. Эс тарткандан бери 13 жолу операция болдум», — деди ал.

Каарманыбыз Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында 9-класска чейин окуп, андан соң И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин колледжине тапшырган.

«Спортко катышып, окуудан мелдештерге барам деп сурана бердим. 1-курсумда көп унчугушкан жок. 2-курста окууну же спортту танда деген талап коюшту. Ошол себептен бул окуу жайдан чыгып, Кыргыз экономикалык университетинин экономика жана бухгалтерия факультетине сырттан окуу бөлүмүнө тапшырган болчумун. Азыркы учурда 3-курста билим алып жатам.

Ал эми спорт дүйнөсүнө кандай келип калганымды айтып берейин. 8-классты аяктап, жайкы эс алууга чыгып, Кемин районунун Алмалуу айылындагы чоң ата, чоң апамдыкына конокко бардым. Ошол жерде кошуна байке: «бир спорт мектеп бар экен, кийин окууга тапшырганда дагы жардамы тиет» деп телефон номур берди. Өзүм деле бала кезимен спортко кызыкчумун. Бирок, бутума байланыштуу күрөш, бокс сыяктуу спортторго катыша алган эмесмин. Бирок, күрөш залына барып жүрчүмүн. Классташ балдар: «Эч нерсе болбойт, акырын эле күрөшөбүз» деп залга алып барышчу.

Ошентип кошуна байкеден алган номурга чалсам, Максат Аргынбаев деген байке алды. “Ушундай мен сыяктуу балдар үчүн спорт мектеп бар турбайбы. Бирок мен 9-классты аяктап туруп барам, мени аласыздарбы” десем, “оба, ата-энең менен чогуу кел” деп калды. Мен дароо алыста иштеп жүргөн ата-энеме кабарладым. Негизи мен мектепте 11-класска чейин окумакмын. Себеби, мектепте жакшы окучумун. Бирок, спортко болгон кызыгуум күч болчу. Ата-энем алгач каршы болуп, «ал кандай спорт, сенин бутуңа күч келбейби?» деп сарсанаа болушкан. Ата-энем көнгөндөн кийин, 9-классты аяктап, шаарга жөнөдүм.

Азыр мен спортсуз көп нерсени элестете албайм. Спорт менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калды. Чөйрөмдүн көбүн спортчу адамдар түздү. Спортто досторум, ага-инилерим пайда болду», — деди ал.

Темирлан мырза пара пауэрлифтинг спорту менен Дубай, Тблиси аттуу шаарларга барып келген.

«Ошентип спортко 2020-жылы келдим. Биринчи мелдешим 2021-жылы болду. Анда Дубай шаарында өткөн дүйнө кубогунда жаштар арасында 1-орунду алгам. Андан соң, 2021-жылдын аягында Грузиянын Тблиси шаарында дүйнө чемпионатына катышып, 17 катышуучунун арасынан 6-орунду алып калгам.

Андан кийинки жылы Дубай шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 5-орунду алдым. Жакында эле Тайландда өткөн мелдеште жаштар арасында 1-орунду, чоңдор арасында 2-орунду алдым.

Агам дагы Москвага кеткен болчу. Бир жылдан бери бул жакта. Экөөбүз чогуу турабыз. Биринчи максатым, үй алып, үй-бүлөмдү чогултуп, баарыбыз Кыргызстанда жашасак дейм.

Негизи спорттон бөлөк программалоого да кызыгам. Бирок, жогоруда айтылгандай, аны убактылуу таштоого туура келди. Бирок, курстардан билим алам деген да максатым бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE