Пример HTML-страницы

Жумгал районунун башкы салыкчысы алмашты. Ал тууралуу эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushТалантбек Жылкычы уулу Нарын облусунун Жумгал райондук салык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Ал бул кызматка ротация жолу менен келди.

Буга чейин Жумгал райондук салык башкармалыгын Нурлан Исмаилов жетектеп келген. Ал Чүй облусунун Панфилов райондук салык башкармалыгынын жетекчиси кызматына которулду. Ал Жумгал районунда 2023-жылдын август айында дайындалып, иштеп жаткан.

Талантбек Жылкычы уулу 1976-жылы жылы туулган.

Жогору билимдүү. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган.

Эмгек жолу:

— 1999-жылдан бери Тоң райондук мамлекеттик салык кызматында инспектор, бөлүм башчы, орун басар, башчы болуп 25 жылдан ашык эмгектенген;

— 2010-жылдан тартып 2016-жылга чейин Тоң районунун салык башкармалыгында, андан кийин 1 жыл Балыкчы шаарынын салык башкармалыгында башчысы болуп иштеп, кайра Тоң районуна которулуп, Тоң райондук салык башкармалыгын жетектеп келген;

— 2024-жылдын 5-мартында Жумгал райондук салык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Талантбек Жылкычы уулу салык кызматынын отличниги, салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE