Пример HTML-страницы

Жумгал райондук тарыхый-этнографиялык музейинин директору сынга алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун борборунда жайгашкан Жумгал райондук тарыхый-этнографиялык музей иштебей турат. Бул тууралуу элдик жыйында айтылды.

Айыл тургуну Жаркын Тыналиева райондогу музей элге кызмат көрсөтпөй, эшиги жабык турганын билдирди. Ошондой эле, ага жазуучу, акын жана драматург Шарипкул Эсенгуловдун ысымы берилип, кайра алынып калганына нааразы болду.

«Бизде музей бар. Бирок дайыма эле жабык турат. Ага киши кирбей калды. Ошол музейди түптөп кеткен Шарипкул Эсенгулов (Шакин Эсенгулов) агайдын ысымы берилди эле. Ошол музейде эмгеги сиңген инсандар тууралуу маалыматтар, сүрөттөр жана башка буюмдары бар эле. Азыркы директор Айнура Бердикеева баарын жоготту. Мындай жетекчинин эмне кереги бар?», — деди Тыналиева.

Буга район акиминин орун басары Фатима Өмүралиева музей боюнча чынында маселе жаралып келгенин белгиледи.

«Музей боюнча маселе көтөрүлүп келген. Ысымы мыйзамсыз берилип калыптыр. Бирок кайрадан ысымы музейге берилет. Бул боюнча иштеп жатабыз», — деди Өмүралиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE