Пример HTML-страницы

Жаштар арасында насыбай чегүү модага айланып кетти, -Д.Осмонкулова.

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун дарыгери Дамира Осмонкулова насыбайдын зыяндуулугу тууралуу айтып берди.

Дарыгер Дамира Осмонкулова жаштар арасында насыбай чегүү модага айланып кеткендигин билдирди.

«Насыбай чегүү азыркы учурда жаштар арасында кеңири жайылып, мода болуп кетти. Муну тарткан жаштар «тамекидей зыяны жок» деген мааниде жана арзандыгына карашууда. Экинчиден, тамекини таштоо максатында насыбай атууга өтүп алышты. Бирок, анын зыяндуулугу тамекиден ашса ашат, бирок кем эмес. Жыныстык органга зыян берерин түшүнбөй чегишүүдө. Жада калса, эмнеден жасаларын дагы билишпейт. Чылым атайын компанияларда санитардык эрежелер менен тийиштүү органдардын астында көзөмөлдөнүп чыгарылса, ал эми насыбай үй шартында эч кандай санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбай, колго жасалат. Аны жасагандар сарык же кургак учук менен ооруган болсо, ал ооруулар тарткан адамдарга жугат», — деди Д.Осмонкулова.

Ал ошондой эле насыбайдын курамындагы зыяндуу химиялык заттарды атап берди.

«Насыбайдын курамында 100дөн ашык химиялык заттар бар. Отундун күлүнөн, акиташтын суусунан, клей жана тамекинин эң начар калдыгынан жасалат. Бул адамга психотроптук таасирин тийгизе турган алкалоид болуп саналат. 1 килограмм насыбайды даярдаш үчүн 1 килограмм отундун күлү, 200 грамм акиташ, 200 грам желим клей, 1 литр акиташ суусу жана 200 грамм тамекинин жалбырагы керектелет», — деди дарыгер.

Мындан тышкары, насыбайдын адамдардын организмине тийгизген терс таасирлерин белгилеп өттү.

«Оозго салынган насыбай канга сиңип, 5-10 секундда мээге жетип, мээнин клеткаларынын 95 пайыз жана жыныс органдарынын уруктарынын 97 пайызын жараксыз кылат. Дарыгерлер мындай белгилердин жаштарда кездешип жатканын белгилеп келишет. Мектеп жашынан, тактап айтканда 6-7-класстан баштап насыбай чеккендер дарыгерлерге кайрылганда, алардын уруктарынын 100 пайызы өлүк же 10-15 пайызы гана тирүү экенин айтып келишет. Демек, насыбай адамды тукумсуздукка алып келет. Насыбайды нарколог-дарыгерлер психотроптук каражаттардын касиетин алып жүрөт деп белгилешкен. Натыйжада бул каражат өспүрүмдөрдүн психикалык абалына терс таасирин тийгизип, эс-тутумун начарлатат. Унутчаак болот. Насыбайдын курамындагы акиташ ооз көңдөйүнүн былжыр челин күйгүзүп, оозду жара кылат. Узак убакыт тынбай тартуудан ооз көңдөйүнүн рак оорусун жана тилдин рак ооруусун пайда кылат. Мындан сырткары, ооздогу шилекей бези сезгенип, шилекей тынбай бөлүнүп чыгат. Адам тынбай түкүрүнүп калат. Оозу сасык жыттанып, тиштеринин түптөрүнөн бери чирийт», — деди Дамира Осмонкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE