Пример HTML-страницы

Жарышка түшүп, жаракат алган «Рекорд». Аргымакка кантип кам көрүшөт? (сүрөт, видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОштогу «Төлөйкөн» ат майданында ондогон аргымактар багылып, тапталат. Бул жерде бир нече саяпкер жана чабандес иштейт.

Аталган ат майдандагы саяпкер Исраил Баймуратов ондогон атты таптаган. Ал бул жолу өзү таптап жаткан аргымактары тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына баяндап берди.

«Бул «Рекорд» деген күлүк. Апасы «Атлетико», Көчмөндөр оюндарында чуркап жүргөн күлүктөрдүн бири. «Рекорд» кунан, быйыл 9-майда Жалал-Абаддагы жарышка барып, 8 чакырымга жарышта бутун оорутуп, жараат алып калды. Ошондон бери асырап, жакшылап карап жатабыз. Ошол убактан бери жарыштарга чыга элек. Мындан башка байталыбыз 1-орунду алып келди. Азыр «Рекордду» мингенче суутуп жатабыз. Күзгү оюндар болуп калабы деген ниетте жакшылап таптам жатам. Азыр абалы кыйла жакшы болуп калды», — деди ал.

Исраил Баймуратовдун айтымында, учурда кышкы мезгилге даярдык жүрүп жатат.

«Эки убак, тактап айтканда эртең менен кечинде жем жейт. Ошондой эле эки убак кашып, ашыкча жүндөрдөн арылтып, тазалап турабыз. Бир убак сейилдөөгө чыгарабыз. Бул күлүк былтыркы жылкы жарышта экинчи орунду камсыздаган. Күлүк таза кандуу англис породасынан. Атасы англис породасындагы «Горизонталь» күлүгү болчу. Апасы да жергиликтүү англис породасындагы аргымак болуп саналат», — деди Баймуратов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE