Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы коллегияда жумуш орундары боюнча маалыматтарда айырмачылык бар экени айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 9-февралда Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйын өттү.

Коллегияга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да катышты.

Жыйында маалым болгондой, былтыркы жылы Жалал-Абад облусу бардык пландык көрсөткүчтөрдү толугу менен аткарды.

— 2023-жылдын январь-декабрь айында дубанда 52666,1 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 108,8 % болду. Жалпы республиканын көлөмүнөн облустун үлүшү 10,9%ды түздү.

— Кайра иштетүү тармагында 10780,8 млн сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 144,9%га аткарылып, жалпы өнөр жай тармагынын продукциясынын ичинен 20,5%ды түздү.

30 мүнөттүк видеороликте аткарылган иштер боюнча маалымат берилген соң эске алчу жагдайлар боюнча сөз болду. Анда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгы менен жергиликтүү бийлик берген маалымат бири-бирине дал келбей жатканын айтты.

«Статистикада жумушсуздардын саны 27 миңден ашуун деп берилген. Былтыркы жылы биз жалпы 5571 жумушчу орун түзүлдү деп жатабыз. Ал эми облустук статистика башкармалыгында 2600 жумушчу орун түзүлгөнү белгиленип жүрөт. Аким, мэрлер ар бирин ушул багытта иштеп чыккыла. Билесиңер, баары статистикалык маалымат менен аныкталууда. Мындай эки айырмачылыкта жүрбөшүшүбүз керек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE